Кыргызстан өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн баалап, терроризмди кескин айыптай турганын ачык айтты – Бөтөнөев

Пикир Загрузка... 24 Сентябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Кыргызстан өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн баалап, терроризмди кескин айыптай турганын ачык айтты. Бул тууралуу ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев “Кабар” агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 17.42.59.jpeg

Анын пикиринде, учурда дүйнө жүзүндө геосаясий абал олку-солку болуп турган маалда Кыргызстандын БУУнун трибунасында өз пикири туура жана өз убагында айтылды.

“Бүгүнкү күндө дүйнөлүк саясатта геосаясий абал туруктуу, тынч деп айткандан алыспыз. Ар кайсы региондо түрдүү конфликттер согуштар менен коштолуп жатат. Президент дүйнө лидерлерине чакырык таштады, анда “айткан сөзүңөр менен жасаган ишиңер дал келсе” жакшы болот эле дегендей айтты. Ошондой эле кош стандарттуулуктан алыс болууга чакырып, ар бир өлкөнүн эгемендүүлүгүн баалоо керектигин белгиледи. Ошол эле учурда Кыргызстанга киргизилген санкциялар боюнча да токтолуп, алар негизсиз экенин билдирди.

Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар боюнча да пикирин айтты. Израилге террорчулардын кол салууларын да айыптай турганыбызды, Палестина көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин белгиледи. Ошондой эле биздин өлкө Катар менен Ирандын аймагына жасалган акыркы ракеталык чабуулдарды айыптай турганын, бул чабуулдар көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүнө кол салуу экенин, аймактагы туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч келтирет жана эл аралык укуктун ченемдерге каршы келет деп билдирди. Ошол эле маалда Украина, Судан, Сириянын жана башка мамлекеттердин азап чегип жатканына көз жумуп коюу туура эместигин, мындан карапайым адамдар гана каза таап жатканын эске салды”, - деди ал.

Жолдошбек Бөтөнөев белгилегендей, Кыргызстан БУУнун трибунасынан мамлекеттердин чоң-кичине, күчтүү-алсызына карабай, ошолордун дарегине эгемендүү мамлекет катары пикирин айта алганы чоң жетишкендиктердин бири.

“Президенттин мындай конкреттүү, даректүү кайрылуусун угуп мен Кыргызстандын жараны катары сыймыктандым. Өлкө башчысы өз сөзүндө Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөткөнүн, уюмга мүчө мамлекеттерди кийинки жылы өтө турган шайлоодо Кыргызстанды колдоп коюуну өтүндү. Анткени ар бир мамлекет Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болууга жана дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукту сактоого өз салымын кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш экенин жана биз олуттуу маселе сунуштай турган мамлекеттердин катарына киребиз деп ишенимдүү айтты”, - деди Бөтөнөев.