Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесинде тааныштырылууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Иш-чарага агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов катышып, чет өлкөлүк инвесторлорго Кыргызстанда инвестиция салуу үчүн келечектүү тармактар жана биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Быйылкы жарманкеге 129 өлкө жана аймактан 1 миң 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация, ошондой эле 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.
Иш-чара Кыргызстанды эл аралык бизнес коомчулугуна таанытууга, потенциалдуу инвесторлор менен байланыштарды кеңейтүүгө жана өлкөгө жаңы инвестицияларды тартууга багытталган.