Кыргызстан виртуалдык активдер рыногу боюнча Борбор Азияда лидер

Экономика Загрузка... 07 Февраль 2026 16:54
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Кыргызстан виртуалдык активдерди жүгүртүү боюнча 2024-жылы Казакстандан 8,5 эсе, ал эми Өзбекстандан 19 эсе алдыга чыккан. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (ВАРКА) билдирди.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айлык отчетунда Кыргызстандын виртуалдык активдер боюнча жылдык жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду (20 млрд доллар) түзгөн, башкача айтканда, бир жылда 3 эсеге өскөн. Тармак 2025-жылдын 9 айында бюджетке 2 млрд сомдон ашуун салык төккөн.

Салыштыра кетсек, 2024-жылы Казакстандын жүгүртүүсү 0,78 млрд доллар, ал эми Өзбекстандыкы 0,35 млрд долларды түзгөн.

Калктын санына жараша эсептелген Chainalysis 2025 Global Crypto Adoption Index беделдүү индексинин маалыматы боюнча, Кыргызстан бааланган 151 өлкөнүн ичинен жан башына крипто-активдүүлүгү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 20 өлкөсүнүн катарына кирген.

Бул рейтингде Кыргызстан Украина, Молдова, Грузия жана Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бир топто турат. Бул аймактарда экономикалык жигердүүлүктүн, техникалык сабаттуулуктун жана жөнгө салуучу чөйрөнүн айкалышы санариптик активдерди кабыл алуунун жогорку деңгээлин камсыз кылган.