Кыргызстан – криптовалютаны колдонуу боюнча Борбор Азияда лидер

Экономика Загрузка... 24 Октябрь 2025 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Кыргызстан санариптик активдерди киргизүүнүн жогорку темпин көрсөтүп, криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунду ээледи. Изилдөөгө ылайык, өлкө Борбор Азиядагы лидерлигин ишенимдүү сактап, криптоэкономиканы кабыл алуу жана калкты тартуу боюнча коңшу мамлекеттерден озуп кетти.

Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында азыркы учурда финансы системаларын санариптештирүү глобалдык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калганын белгиледи.

kriptovalyuta.width-800.jpg

"Көптөгөн мамлекеттер виртуалдык активдерди жөнгө салуу үчүн стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгууда, борбордук банктардын санариптик валюталарын киргизүүдө, реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоиндерди жана токендерди түзүүдө. Бул процесстер мындан ары технологиялык эксперимент болбой, жаңы экономикалык моделдин туруктуу элементтерине айланып баратат", - деди ал.

Президент Кыргызстан чөлкөмдөгү виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынган жана бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.

399343_v5gQYh8.width-800.jpg

"Өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү түрдө калыптанууда, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик база күчөтүлүүдө, инфраструктуралык демилгелер жаралууда", - деди өлкө башчысы.

Экономист Эркин Абдразаков белгилегендей, Кыргызстанда криптовалюта Улуттук банк аркылуу расмий катталган жана мамлекеттер аралык деңгээлде ири инвесторлорду тейлейт.

”Бул дүйнөлүк тажрыйба. Биз мамлекеттер аралык деңгээлде белгилүү бир төлөмдөрдү жүргүзө алабыз же чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндөр банктар аралык рынокто жана биржаларда иштеп, акча таба алышат. Бирок өлкөнүн ичинде ал азырынча тааныла элек жана расмий төлөм каражаты болуп эсептелбейт.

Биздин көптөгөн жарандарыбыз Кыргызстанда жайылтууга аракет кылышкан, бирок ишке ашкан жок. Белгилей кетүүчү жагдай, банктар аралык рынокто Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыга кетти. Келечекте Кыргызстан криптовалюталык операцияларды жүргүзүп, аны өлкө ичинде кеңири пайдалана алат", - деди ал.

756595260096783.width-800.png

Экономист азыр калктын финансылык сабаттуулугун жакшыртуунун зарылдыгын белгиледи. Мында Улуттук банк Финансы министрлиги менен биргеликте негизги ролду ойнойт. Көптөгөн коммерциялык банктар жана банктык эмес тармактар криптовалюта менен алектенишпейт. Келечекте Кыргызстан толук кандуу каржы институтуна айланышы мүмкүн.

Кыргызстанда 2025-жылы 24-январда Coin National Exchange биринчи мамлекеттик криптобиржа ачылган. КР Финансы министрлиги анын жалгыз ээси болуп саналат. Компания ачык акционердик коом катары катталып, Юстиция министрлигинин реестрине киргизилген. Аны ишке киргизүү үчүн бюджеттен 100 млн сом бөлүнгөн.

Биржанын жетекчиси Бийболот Мамытов буга чейин ЖМКларга анын негизги максаты — заман талабына ылайык дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик криптовалюталык биржалардын бирин түзүү экенин билдирген.

"Бул акыркы жылдары дүйнө жүзүндө активдүү өнүгүп жаткан жаңы багыт жана Кыргызстанды алдыңкы өлкөлөрдүн катарында көрүү абдан жакшы болмок. Кыргызстан — кичинекей мамлекет, бирок чоң мүмкүнчүлүктөрү бар", - деди ал.

Анын айтымында, эл аралык ири биржаларда көрсөтүлгөн Bitcoin (BTC), Ethereum (ETH), Tether (USDT) жана башка эң популярдуу жана ишенимдүү криптовалюталар жеткиликтүү.

"Биз ишенимсиз активдерге байланыштуу тобокелдиктерди жок кылуу үчүн криптовалюталарды кылдаттык менен тандап алабыз. Негизги көңүлдү чыныгы баалуулукка жана дүйнөдө таанылган монеталарга бурабыз", - деди ал.

Президент Садыр Жапаров билимге инвестиция салып, жаңы шарттарда иштей ала турган кадрларды чыгаруунун зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле инновациялар ачык-айкындуулук, так эрежелер жана ишенимдүү инфраструктура чөйрөсүндө өнүгүшү маанилүү. Ушул факторлордун айкалышы гана – адамдык потенциал, натыйжалуу жөнгө салуу жана технологиялык база – санариптик экосистеманын туруктуулугун жана жарандардын, бизнестин жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин камсыздай алат.

3.webp

Мамлекет башчысы Кыргызстан глобалдык финансы архитектурасындагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашып гана тим болбостон, өзүнүн, аймактык мааниге ээ моделин түзүүгө умтулган мамлекеттердин катарына кирет.

"Биздин өлкөнүн мындай лидерликке бекем негиз түзгөн: ийкемдүү институционалдык чөйрө, таланттуу жана шыктуу жаштар, экологиялык таза энергетикага жеткиликтүүлүк, ошондой эле мамлекеттик сервистерди жана инфраструктураны активдүү санариптештирүү сыяктуу уникалдуу артыкчылыктары бар. Бул факторлордун жыйындысы Кыргызстанды виртуалдык активдер жана Web3 технологиялары жаатында аймактык хабга айландыруу маселесин реалдуу жана жеткиликтүү кылат", - деди ал.