1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Совети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” декларация кабыл алып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. Бул тарыхый документ 1991-жылы Кыргызстандын көз карандысыздыкка жетүүсүндө маанилүү орунду ээлейт. Мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Абдырахман Маматалиев бул ирет “Кабар” агенттигине өлкөнүн тышкы саясатында өз алдынча мамлекет катары таанылып, бүгүнкү күндө өз орду бар өнүгүп келе жаткан, алгылыктуу пландары бар Кыргызстан тууралуу маек курду.

— Саналуу күндөн кийин эгемендик жөнүндө алгачкы декларациянын кабыл алынышына туура 35 жыл толот. Бул документ Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүндө орду кандай?
— Союздук республикалар СССРдин курамынан тарагандан кийин өз алдынча болуусуна мүмкүнчүлүк жаралды. Бул коомчулукту, элди, саясатчыларды ойготту деп ойлойм. 1991-жылы Кыргызстан өзүн өз алдынча мамлекет деп жарыялады. Ошонун алдындагы эң маанилүү кадам катары, 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган декларацияны айтсак болот. Анын өлкө тарыхында орду өзгөчө. Ал көз карандысыз мамлекет болууга жол ачкан.
— Өлкө көз карандысыздыкка жетүү менен көп векторлуу саясатта кандай алакаларды түзүүгө жетишти?
— Көз карандысыз мамлекет болгондон кийин алгач эле чоң-чоң мамлекеттер эгемендүү мамлекет экенибизди тааныды, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болдук. Көп векторлуу тышкы саясат жүргүзгөнүбүзгө байланыштуу дүйнөгө таанымал мамлекеттердин бири болуп калдык. Ал убакта экономикабыз начар эле. Биздин өлкө Борбор Азиядагы демократиянынын аралчасына айлана алды. Мунун баары ырааттуу жүргүзгөн тышкы саясатыбыздын негизин түздү. Өлкө тарыхында өйдө-ылдый окуялар да болду. Бийлик алмашты. Учурда Кыргызстан Борбор Азияда тез өнүгүп жаткан мамлекеттердин бири. Өлкөбүз бүгүнкү күндө кайсы гана мамлекет болбосун тең ата сүйлөшүп баштады. АКШ президенти менен жолукканда президент Садыр Жапаров так, анык, тең ата сүйлөшүп, өтө маанилүү, актуалдуу маселелерди көтөргөнү маалым. Көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсүбүз. КМШ, ШКУ, ЖККУ жана башка эл аралык уюмдарда өз ордубуз, салмагыбыз бар. Азыр кээ бир мамлекеттерде Советтер Союзунун көлөкөсү экономикасында, башкаруу системасында дагы эле бар. Биз алардан бир топ эле алдыга кеттик. Адам укугу, сөз эркиндиги, демократиянын ролун өнүктүрүү боюнча да айтсак болот. Канчалаган өндүрүш ишканалары ачылып, жумуш орундары түзүлдү. Ошол 35 жыл мурда кабыл алган декларациядан кийин эң алгачкы Конституциянын жыйынтыктары мына ушулар деп айтат элем.
— Өлкөнүн учурдагы саясий, социалдык-экономикалык жактан багыты тууралуу айта кетсеңиз?
— Азыр Кыргызстан көз карандысыз, тез өнүгүп келе жаткан, өз тарыхын билген, каада-салтын унутпаган, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу менен кетип бара жаткан мамлекет катары өз орду бар. Коопсуздугубуз, экономикабыз, маданиятыбызда деги эле бардык тармактарда жетишкендиктерибизди эске алып, Борбор Азиядагы эле эмес, жалпы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде мыкты мамлекеттердин бирибиз. Келечекке карай багыт алган, амбициялуу пландары бар мамлекеттердин катарын толуктап турабыз.