Бишкек, 01.09.25./Кабар/. Кыргызстан кооперация жана логистиканы чыңдоодо. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ведомствонун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири кооперация, кайра иштетүү, логистика жана механизация болуп саналат.
Ал белгилегендей, бул багыттардын алкагында 2025-жылдын июнь айына карата төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
- 9 кайра иштетүү ишканасы пайдаланууга берилип, алардын жалпы саны 425ке жетти;
- 1 соода-логистикалык борбору курулуп, алардын саны 40ка жетти;
- 1 мал союу пункту ишке берилип, жалпы саны 115ке жетти;
- 56 ишкана эл аралык стандартка ылайыкташкан;
- 68 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлүп, алардын жалпы саны 813кө жетти;
- 7 машино-трактордук станция уюштурулду (1 – мамлекеттик, 2 – муниципалдык, 4 – жеке менчик);
- 551 жаңы жумуш орду түзүлдү.
"Ошондой эле "КАПК" долбоорунун алкагында кайра иштетүүчү ишканаларга жана 17 кластердик бирикмелерге 5 жылдык мөөнөткө жылдык 6 пайыз менен 3 млрд 327 млн сом жеңилдетилген насыя түрүндө берилип, жалпысынан 1251 субъект насыя алды. Мындан тышкары, айыл чарбасын өнүктүрүү жана кайра иштетүү боюнча 98 долбоор ишке ашырылууда", — деди министр.