Бишкек 19.06.25 /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Колумбияда өтүп жаткан Глобалдык жер форумуна катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-июнда форумдун экинчи күнүнүн алкагында "Туруктуулук, тынчтык жана элдешүү үчүн жер жана агрардык реформалар" темасында пленардык сессия өттү.
Сессияда Айыл чарба министрлигинин Чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Аскарали Эрматов катышып, Кыргызстандагы жер жана агрардык реформанын жүрүшү боюнча презентация жасады.
Иш-чарага Камбоджа, Либерия, Бразилия, Непал жана Колумбия мамлекеттеринин жер маселелери боюнча мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү агрардык реформалардын максаттарын, ыкмаларын жана жетишкен жыйынтыктарын талкуулап, бул реформалардын туруктуу өнүгүү жана социалдык стабилдүүлүк үчүн маанисин баса белгилешти.
Сессия жигердүү диалог жана тажрыйба алмашуу шартында өтүп, эл аралык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачты.