Кыргызстан КМШда макарон азыктарын өндүрүүдө алдыңкы үчтүккө кирди

Экономика 28 июль 2025 11:53
macaron_pasta_factory_industry1732172493.jpg
proizvodstvo-makaronnyh-izdelij-1200x675.jpg
Алдыга
Артка
macaron_pasta_factory_industry1732172493.jpg
proizvodstvo-makaronnyh-izdelij-1200x675.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен макарон продукциясын чыгарууда алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын январь айында КМШ өлкөлөрүндө жалпы 138 миң тонна макарон өндүрүлсө, анын ичинен Кыргызстанда 3 200 тоннага жакыны өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч боюнча өлкө Россия менен Казакстандан кийинки 3-орунду ээледи. 

2024-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде Кыргызстандын макарон экспортунун көлөмү 5,8 млн доллардан ашты, негизги сатып алуучу — Өзбекстан, ал жакка дээрлик 1 200 тонна жөнөтүлүп, экспорт 53 пайызга өстү.

2023-жылдын тогуз айында Кыргызстандан жалпы 3 087,4 тонна макарон экспорттолуп, көлөмү 495,7 млн сомду түздү. Негизги экспорт багыттары:

  • Казакстан – 1 652,7 т (~241,8 млн сом);
  • Россия – 1 328,9 т (~231,9 млн сом);
  • ошондой эле Беларусияга  жана Арменияга экспортолгон.