Кыргызстан КМШда Адам укуктарынын сакталышын баалоо индексин түзүүнү сунуштоодо

Коом Загрузка... 18 Апрель 2025 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. 16-апрелде Москвада КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын IV отурумунда Кыргызстандын Акыйкатчы институту демилгелеген Адам укуктарынын сакталышы боюнча индекстин долбоору сунушталды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жыйынга Армения, Россия, Казакстан, Өзбекстандын акыйкатчылары, ошондой эле Беларусиянын өкүлү катышты.

Ал эми Казакстан, Тажикстандын акыйкатчылары видео байланыш аркылуу чыгып, Түркмөнстандын өкүлү менен БУУнун Адам укуктары жана качкындар боюнча Жогорку комиссариаттары байкоочу катары катышты.

Жамиля Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчыларына Адам укуктарынын сакталышы боюнча индекстин изилдөө методологиясынын долбоорун сунуштады.

Адам укуктарынын сакталышын баалоо индексин түзүү маселеси 2024–2025-жылдарга карата КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын иш-планына Кыргызстандын сунушу менен киргизилген.

Максаты – адам укуктарынын сакталышына баа берүүдө эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга шайкеш келген жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу.

Бул максатта жумушчу топ түзүлүп, бир нече айдын ичинде эл аралык жана регионалдык тажрыйбаларга талдоо жүргүзүлгөн.

Жамиля Жаманбаева мисал катары КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларына жарандардын билим алууга болгон укугунун жеткиликтүүлүгүн анализдөөнү сунуштады.

"Жарандардын билим алууга болгон укугу улуттук мыйзамдарда, Эл аралык документтерде, Адам укуктарынын жалпы декларациясында да так көрсөтүлгөн социалдык укуктардын бири болуп саналат. Жогоруда сунушталган методология адамдардын билим алууга тең укуктуулгун аныктоого жардам берет", - деди Жаманбаева.

Ал шаарлар менен айыл аймактарында билим берүүнүн жеткиликтүүлүк деңгээлин салыштыруу менен көйгөйлөрдү аныктаса болорун мисал келтирди. Эгерде, айыл жерлеринде билимге жеткиликтүүлүк деңгээли шаарга караганда төмөн болсо, бул инфратүзүмдүн же мугалимдердин жетишсиздиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Анализдердин негизинде, инфратүзүмдү жакшыртуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, аялуу топторду колдоо программаларын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды берүү каралат.

Ошол эле принциптер менен иштелип чыккан методология долбоору адам укуктарынын сакталышы боюнча башка тармактарда да изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Методология ар бир мамлекеттин аймактык жана улуттук өзгөчөлүктөрүн, маданий жана социалдык контекстин эске алуу менен ыңгайлаштырылышы мүмкүн. Бул ар бир КМШга мүчө өлкөдөгү адам укуктарынын абалын так баалоого өбөлгө болот.

Жыйынтыктап айтканда, бул методологияны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү — КМШ өлкөлөрүндө адам укуктарын чыңдоого багытталган маанилүү кадам.

Маалыматтарды үзгүлтүксүз талдоо жана мониторинг жүргүзүү көйгөйлөрдү аныктоого гана эмес, аларды чечүү үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга да мүмкүндүк берет.

"Ошондуктан, методологиянын долбоорун КМШнын кызыкдар өлкөлөрүндө сыноодон өткөрүү керек. Бул анын натыйжалуулугун, мүмкүн болгон кемчиликтерин аныктап, ар бир өлкөнүн шарттарына ылайыктап ишке киргизүүгө шарт түзөт. Адам укуктарынын сакталышы боюнча индекстин түзүлүшү - бул жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган стратегиялык кадам. Бул жааттагы КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен иш-аракеттери адам укуктары боюнча аймактык кызматташуунун ийгиликтүү үлгүсүнө айланышы мүмкүн", -деди Жаманбаева.

КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчылары Жамилия Жаманбаевага Адам укуктарынын сакталышын баалоо индексин түзүү маселесин сунуштагандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнө Адам укуктарынын сакталышын баалоо индексин түзүү маселесинин зарылдыгын белгилеп, сунуш киргизген. Комиссия мүчөлөрү бул сунушту колдошту.