Бишкек 04.06.25 /Бишкек/. Кыргызстандын делегациясы Туркменистандын борбору Ашхабадда болуп өткөн «Борбор Азияда туруктуу ландшафтарды калыптандыруу» (RESILAND CA+) программасынын Региондук консультативдик комитетинин жыйынына жана климаттык маселелер боюнча уюштурулган аймактык конференцияга катышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Борбор Азиянын Региондук экологиялык борбору (РЭЦЦА) тарабынан өткөрүлдү.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегация курамына төмөнкүлөр кирди:
● А. Мазарипов — министрдин орун басары, РКК мүчөсү;
● Ж.Токторбаева — Долбоолорду өнүктүрүү бөлүмүнүн директору, РКК мүчөсү;
● Д. Сакыев — Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мониторинг департаментинин директору, РКК мүчөсү;
● Б. Анарбекова — инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы.
Панелдик сессияда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Долбоолорду өнүктүрүү бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева Кыргызстандын климаттык тобокелдиктерди кыскартуу боюнча жаңы ыкмаларын жана KG RESILAND долбоорунун алкагындагы иш-чараларды сунуштады. Анын ичинде жаратылышка негизделген чечимдерди (Nature-based Solutions) сел жүрүү коркунучу жогору болгон аймактарда колдонууну өзгөчө баса белгиленди.
Региондук консультативдик комитеттин жыйынында RESILAND CA+ программасынын аймактык компоненттеринин аткарылышы жана негизги документтерди макулдашуу маселелери талкууланды. Кыргызстандын өкүлдөрү долбоордун алкагында жетишилген жыйынтыктарды жана келечектеги багыттарды ортого салышты.