Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы азык-түлүк баалары салыштырылды

Экономика Загрузка... 26 Сентябрь 2025 14:50
whatsapp_image_2024_At4mRIm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.09.25./Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 24-сентябрга карата Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы азык-түлүк товарларына болгон баага салыштырмалуу мониторинг жүргүздү.

Анда нан азыктарынын, жашылча-жемиштердин, эт жана сүт азыктарынын, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалардын баалары салыштырылды.

Анда Кыргызстаннда жашылча-жемиштердин, айрыкча сабиз, пияз жана картошканын бааларынын төмөндөгөнү байкалган.

  • жумуртка – 97,5 сом;
  • картошка – 39,7 сом;
  • буудай уну (1-сорт, жергиликтүү) – 35 сом;
  • кумшекер – 76,6 сом;
  • макарон (спагетти) – 73,3 сом;
  • нан азыктары – 95,9 сом;
  • өсүмдүк майы – 151,6 сом;
  • сабиз – 49,4 сом;
  • пияз – 32,5 сом;
  • күрүч – 142,7 сом;
  • кой эти – 673,4 сом.

Казакстандагы баалар:

  • өсүмдүк майы – 176 сом;
  • пастерленген сүт – 104,6 сом;
  • кой эти – 716,5 сом;
  • картошка – 32,8 сом;
  • кумшекер – 93,7 сом;
  • уй эти – 761,3 сом;
  • пияз – 26,5 сом;
  • макарон (вермишель) – 91,2 сом;
  • жумуртка – 108,4 сом;
  • сабиз – 34,6 сом.

Россиядагы баалар:

  • жумуртка – 120,2 сом;
  • уй эти – 672,3 сом;
  • буудай уну (1-сорт, жергиликтүү) – 49,3 сом;
  • өсүмдүк майы – 165,6 сом;
  • нан азыктары – 135,2 сом;
  • картошка – 68 сом;
  • пияз – 59 сом;
  • сабиз – 61,5 сом;
  • каймак май – 881 сом;
  • кой эти – 810 сом;
  • кумшекер – 76,7 сом;
  • күрүч – 168,4 сом;
  • макарон (вермишель) – 97,6 сом.