Кыргызстан калкынын саны 7 млн 361 миң адамга жетти

Коом Загрузка... 23 Октябрь 2025 17:00
626395_lLay1Wg.1.1446622065.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2025-жылдын 1-сентябрына карата 7 млн 361 миң адамды түзүп, жыл башынан бери 79,6 миң адамга же 1,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Алсак, 2025-жылдын январь-август айларында жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 90,7 миң жаңы төрөлгөн ымыркай катталган, бул калктын 1 миңине 18,6 (салыштыруу үчүн: 2024-жылдын ушул мезгилине карата 20,0).

Ушул эле мезгилде 21,6 миң өлүм катталды – 1000 калктын 4,4 (2024-жылдын январь-августунда – 4,5). Алсак, калктын табигый өсүшү 69,1 миң адамды, же калктын 1 миңине 14,2ди түздү (өткөн жылы – 15,4).

Табигый өсүштүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында, эң төмөнкүсү Бишкек шаарында белгиленди.