Кыргызстан Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун курчушуна тынчсыздануусун билдирди — Кабар

Кыргызстан Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун курчушуна тынчсыздануусун билдирди

Саясат 13 июнь 2025 17:45
Кыргызстан Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун курчушуна тынчсыздануусун билдирди
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.

«Кыргызстан эки тарапты тең максималдуу сабырдуулукка чакырып, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн аймактагы кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келе турган аракеттерден алыс болууга чакырат», — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлик Ирандагы жарандарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырган.