Кыргызстан IV Евразия экономикалык форумунда интеграциянын артыкчылыктуу багыттарын атады

Экономика Загрузка... 27 Июнь 2025 08:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов баштаган Кыргызстандын делегациясы IV Евразия экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Форум Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына арналып, анын алкагында Кыргызстандын өкүлдөрү ишкердик программасынын негизги сессияларында сөз сүйлөшт. Алар евразиялык интеграция принциптерине берилгендигин жана тышкы экономикалык байланыштарды чыңдоого умтулуусун тастыкташты.

Султан Ахматов интеграциянын гуманитардык аспектисинин маанилүүлүгүн, анын ичинде бирдиктүү социалдык-билим берүү мейкиндигин түзүү, академиялык мобилдүүлүктү илгерилетүү, квалификацияларды таануу жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыз кылуу маселелерин белгиледи.

Белгиленгендей, Евразия тармактык университетинин ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын консорциуму болуп саналат жана 2022-жылы Бишкек шаарында өткөн I Евразия экономикалык форумунда Кыргызстан тарабынан демилгеленген. Гуманитардык кызматташтыктын ийгиликтүү мисалы катары 2025-жылдын май айында Кыргыз экономикалык университетинин базасында өткөрүлгөн Евразиялык тармактык университеттин Жайкы мектеби белгиленди.

Султан Ахматов кесиптик жана санариптик билим берүүнү активдүү өнүктүрүүнү, академиялык алмашууларды кеңейтүүнү, биргелешкен илимий-изилдөө платформаларын түзүүнү, ошондой эле интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн алкагында инклюзивдүү өнүгүүнүн принциптерин киргизүүнү колдоду.

Ошондой эле ал ЕАЭБдин ички рыногунун иштешине байланыштуу актуалдуу маселелерге токтолду. Айрыкча, учурдагы тоскоолдуктарды жоюу, аларды аныктоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи. Көйгөйлүү маселелер катары көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы кезектер, шайкештик сертификаттарын өз ара таануу жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу маселелери айтылды.

Министрдин орун басары сөзүнүн аягында белгилегендей, Кыргызстан жаңы интеграциялык демилгелерге жана инвестициялык кызматташтыкка кызыгуусун көрсөттү. Ал евразиялык интеграциянын мындан аркы өнүгүшү региондун туруктуулугун бекемдөөгө, экономикалык потенциалдын өсүшүнө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер үчүн өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.