Жергиликтүү ишкерлерге же чет элдик инвесторлор ишин башташы үчун Кыргызстанда жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Бул үчүн мамлекет тарабынан жер тилкесинен баштап салыктык бошотууларга чейин бир катар жеңилдиктер каралган. Статистикалык маалыматтарга таянсак, мурдагы жылга салыштырганда, 2025-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен инвестиция 21,7 пайызга көбөйдү. Инвестициянын агымы жогорулаганын президент Садыр Жапаров “Президент” даректүү тасмасында айтып өттү. Ошондой эле эксперттер да өлкөнүн ар кыл тармактарында ишкерлигин баштоого кызыкдар инвесторлор арбыганын белгилейт. Биз бул ирет дал ушул инвесторлорду өзүнө тарткан Кыргызстандын инвестициялык мүмкунчүлүктөрү тууралуу кеп кылабыз.
“Президент” даректүү тасмасында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстанга кызыккан чет өлкөлүк инвесторлор көбөйгөнүн жана алар бардык тармактарда иштеп жаткандыгын белгиледи. Буга мамлекет тараптан инвесторлорду колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айгинелейт.

“Бизнеске тийбесең, бизнес өнүгөт, чет өлкөлүк инвесторлор өлкөдө жакшы шарттар түзүлгөн деп келет. Азыр инвесторлор кезекке туруп жатышат. Бүт тармактарда, мисалы, кен байлыктар казылууда, завод-фабрикалар курулуп жатат. Алардын жарымы эле инвесторлор. Мамлекет да жардам берүүдө, завод-фабрика салам десе жерди 49 жылга берип жатабыз. Ошондой эле өкмөт инвестициялык келишимге ылайык, көлөмүнө жараша 5-10 жылга салык жактан бошотуп жатат”, - деди ал.

Инвесторлордун өлкөгө келишине саясий туруктуулуктун орун алышы эң маанилүү факторлордун бири. Бул жерден айта кетчү дагы бир жагдай бар. Ал Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араларын аныктап алгандыгы.
Анткени чек ара маселесинин чечилиши үч өлкө үчүн гана эмес, Борбор Азия үчүн да маанилүү десек болот. Бул боюнча Садыр Жапаров өз пикирин айтты.
“Кыргызстанга, Баткенге келип инвестиция салайын десе эле чек ара чечилген эмес, чыр-чатак бар, ошондуктан ал жерге сүйрөсөң да эч ким келбейт. Тажик тарапка деле, мисалы, Согди облусуна бир нерсе салайын десе деле, өзбек тарапка деле келбейт. Муну 30 жылдан бери эле көрүп жүрдүк да. Муну президент болгон адамдар жакшы билет. Ири инвесторлор кирген эмес. Мына азыр ири инвесторлор келип жатат. Азыр бардыгы Борбор Азияга кызыгууда. Анткени Борбор Азияда тынчтык орноду, талаш-тартыш маселе жок. Чек арада, экономика, саясий жактан болобу маселе жок, мунун мааниси чоң”, - деп белгиледи өлкө башчысы.
Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр баш болгон бир катар мамлекеттерге ишенимдүү өнөктөш катары экономикалык кызматташтыгын арттырууга бел байлады. Буга акыркы жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөр далил болуп бере алат.

Кыргызстанда чет элдик инвестор болобу, ички инвестор болобу инвестиция үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат. Артыкчылыктуу багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр бар экени да бизнес форумдарда, иш сапарларда байма-бай тааныштырылып келүүдө. Ишкер, Кыргызстандын альпинизм боюнча спорт чебери Кадыр Сайдилкан "Кабар подкасттагы” пикиринде, Эверестке 70 миң доллар коротуп, бирок өлкөгө миллиондогон инвестиция алып келди.

“Менин альпинизмге короткон акчам деңиздин бир тамчысындай эле болуп калышы мүмкүн. Бир мисал айта кетейин, тоодо таанышкан досторумдун арты менен Кыргызстанга азыр 10 млн долларлык инвестиция келди. Атап айтсак, дүйнөдө бир дагы филиалы жок Англиядагы компания азыр Сокулук районунда завод куруп жатат. Дагы да көп инвестиция келет”,- дейт Кадыр Сайдилкан.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдиргендей, инвесторлор айрыкча энергетика (энергиянын кайра жаралуучу булактары), туризм, тоо-кен тармактарына, инфраструктуралык долбоорлорго кызыкдар болууда. Инвестициялар боюнча мыйзам, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамы да кабыл алынган. Бул мыйзамдар эл аралык стандарттарга туура келет. Ал мыйзамдардын негизин инвесторлордун өлкөгө келип, инвестиция салып, иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүү камтыйт.

“Кыргызстанда инвесторлорго салыктык жактан жеңилдиктер бар. Ошол эле маалда инвесторлорду колдоо жана стимулдаштыруу боюнча да жеңилдиктер жок эмес. Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн жабдуулар ташылып келсе, бажы төлөмдөрү алынбайт. Буга байланыштуу инвесторлор биздин өлкөгө келип, экономикага салым кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүп, долбоорлорун ишке ашырганга кызыкдар болуп жатышат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 90дон ашык долбоор бар. Анын 60ы ишке ашып жатат. Биз чет өлкөлөргө барганда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу, логистикалык борборлор, "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластери жана башка ири долбоорлор ишке ашып жатканын, экологиялык таза Асман шаарын куруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымдаганыбызда, абдан кызыкдар болуп жатышат. Биз ишкерлерге жана компанияларга бардык жагынан колдоо көрсөтүп, кеңеш берип, долбоорлорду баштан аяк коштоп, мониторинг жүргүзүп турабыз. Экспорттук потенциалыбызды көтөргөнгө аракет жумшоодобуз”, - дейт Сабиров.
Ал белгилегендей, ички инвесторлор азыр туризм багытына өзгөчө маани беришүүдө. Мисалга алсак, “Ала-Тоо Резорт“ тоо-лыжа кластерин ишке ашыруунун алкагында, Жыргалаң шаарчасын куруу үчүн жер тилкелери аукционго коюлган. Анда кыргыз жарандары да жер тилкелерин алышты. Алар эми мейманканаларды куруу иштерин башташат. Чакан ГЭСтер, жол, туннель, турак жайлар салынууда. Мамлекет бардык ишкерлерге бирдей колдоо көрсөтүүдө.
Равшанбек Сабировдун айтымында, быйыл "Инвестициялар" автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилет. "Бирдиктүү терезе" принциби аркылуу электрондук түрдө арыз берүү, инвестициялык долбоорлорго онлайн жеткиликтүүлүк камсыздалат.

“2026-жылы электрондук түрдө арыз берүү, маалыматтарды борборлоштуруп сактоо жана инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү санариптик реестрин түзүү үчүн "Инвестициялар" автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилет. Система "бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштейт жана электрондук түрдө арыз берүүнү, инвестициялык долбоорлорго онлайн жеткиликтүүлүктү, маалыматтарды борборлоштуруп сактоону, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияны камсыз кылат. Биз өлкөбүздө ачык жана ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча системалуу иш алып баруудабыз”, - деди Сабиров.
Статистикалык маалыматтар боюнча, 2024-жылга салыштырганда былтыркы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен инвестиция 21,7 пайызга көбөйдү. Мамлекетте туруктуулук болсо, инвестициялардын агымы көбөйө берет. 2030-жылга чейинки Улуттук программанын алкагында инвестициянын көлөмүн жогорулатууга басым жасалмакчы.