Кыргызстан инвесторлор үчүн санариптик платформаны ишке киргизет

Экономика Жүктөлүүдө... 29 Июль 2026 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги инвестициялык долбоорлорду “бирдиктүү терезе” принциби боюнча коштоп жүрүүнү камсыз кыла турган “АИС Инвестициялар” мамлекеттик санариптик платформасын ишке киргизүүгө даярданууда. Бул тууралуу кыргыз-өзбек бизнес-форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, жаңы санариптик система инвесторлор менен мамлекеттик органдарды бирдиктүү санариптик мейкиндикте бириктирип, долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоп жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

“Бүгүнкү күндө жасалма интеллект технологияларынын негизинде жаңыланган, дүйнөнүн 30 тилинде жеткиликтүү инвестициялык портал, Кыргызстандын интерактивдүү инвестициялык картасы жана инвесторлорду коштоп жүрүүчү AI-чат-бот иштеп жатат. Кийинки кадам катары инвестициялык долбоорлорду “бирдиктүү терезе” принциби боюнча коштоп жүрүүнү камсыз кылган жана инвесторлор менен мамлекеттик органдарды бирдиктүү санариптик мейкиндикте бириктирген “АИС Инвестициялар” мамлекеттик санариптик платформасы ишке киргизилет”, - деди Сабиров.

Ал инвестициялык тармакты санариптештирүү негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү менен коштолуп жатканын белгиледи.

“2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасы аймактагы эң жогорку өсүү темптеринин бирин көрсөтүп, 11 пайыздан ашты. Ички дүң продукциянын көлөмү өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу 1,9 трлн сомго жетти. Түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 1,3 млрд доллардан ашып, 27 пайыздан көп өстү. Ал эми июль айына карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 64,3 пайызга көбөйдү”, - деди агенттиктин башчысы.

Анын маалыматына ылайык, акыркы үч жыл ичинде өлкөдө жалпы суммасы 12,4 млрд долларды түзгөн 77 инвестициялык макулдашууга, ошондой эле жалпы наркы 4,3 млрд доллар болгон мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 55 келишимге кол коюлган.

“Жаңы долбоорлордун инвестициялык портфели 23 млрд доллардан ашат. Бул көрсөткүчтөр инвесторлордун ишениминин өсүп жатканын айгинелеп, Кыргызстандын Борбор Азиядагы ишенимдүү жана инвестиция үчүн жагымдуу өлкө катары позициясын бекемдөөдө”, — деп белгиледи Сабиров.

Ошондой эле ал өлкө башчысы Садыр Жапаров “Венчурдук каржылоо жөнүндө” мыйзамга кол койгонун маалымдап, бул документ инновациялык экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болорун белгиледи.

“Бул мыйзам стартаптарды, IT тармагын, жасалма интеллектти, креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө жана венчурдук инвестицияларды тартууга шарт түзөт”, - деди ал.

Сабировдун айтымында, Улуттук инвестиция агенттиги мындан ары да мыйзамдык базаны өркүндөтүп, инвесторлорду коштоп жүрүүнүн заманбап механизмдерин киргизүүнү улантат. Бул өз кезегинде мүмкүн болушунча ачык жана алдын ала божомолдоого боло турган инвестициялык чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөт.