Кыргызстан Индия жана Вьетнам менен мамилелерди жандандырууга ниеттенүүдө

Саясат Загрузка... 05 Сентябрь 2025 14:50
642150.f1ee844c9aee.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Кытайда өткөн ШКУ саммитинин алкагында президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн "Биринчи радионун" түз эфиринде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, тараптар 2025-2026-жылдары өз ара мамилелерди жандандыруу чечимин кабыл алышты.

Министр ошондой эле президент Вьетнамдын премьер-министри менен өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалады.

"Быйыл апрель айында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга барган, ошол сапарда көптөгөн документтерге кол коюлган. Келерки жылы вьетнам тарапты биздин өлкөгө чакырдык", - деп кошумчалады министр.