Кыргызстан ICT Week Uzbekistan 2025 көргөзмөсүндө IT-потенциалын таанытууда

Борбор Азия 1678 23 Сентябрь 2025 17:20
p_23_0 (1).jpg
D_23.webp
p_23__3 (1).jpg
p_23_ (1).jpg
p_23 (2).jpg
Алдыга
Артка
p_23_0 (1).jpg
D_23.webp
p_23__3 (1).jpg
p_23_ (1).jpg
p_23 (2).jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын өкүлдөрү Ташкент шаарында өтүп жаткан ICT Week Uzbekistan 2025 алкагындагы көргөзмөгө катышууда, деп жеринен маалымдайт кабарчыбыз.

«Кыргызстан» стендинде Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы (ЖТП), AI Academy жана IPROFI компаниялары өз ишмердүүлүгүн көрсөтүп жатат.

ЖТПнын байланыштар боюнча менеджери Нуриза Өмүрбекованын айтымында, бул көргөзмө Борбор Азиядагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы эң маанилүү иш-чаралардын бири болуп эсептелет.

«Өнөктөшүбүз AI Academy менен биргеликте бул иш-чарага катышып жатабыз. Бул окуя өлкөбүздүн IT-индустриясын дүйнөлүк аренага алып чыгууда жана аймактык кызматташтыкты чыңдоодо чоң кадам болуп калды. Компанияларыбыз өлкөнүн IT-потенциалын сунуштап, дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсү менен, анын ичинде Өзбекстан менен да кызматташууда», — деди ал.

Ошондой эле Өмүрбекова белгилегендей, ЖТП КР — мамлекет тарабынан түзүлгөн улуттук IT-платформа. Ал учурда программалык камсыздоо, финтех, геймдев, жасалма интеллект, EdTech, HealthTech сыяктуу тармактарда иштеген 500дөн ашык резидентти бириктирет. «Биздин максат — жыл сайын 50 миң программист даярдоо. Жакынкы келечекте ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден IT-адис болсун деп иштеп жатабыз», — деп кошумчалады ал.

IPROFI компаниясынын директору Аида Байрактарова болсо, ICT Week Uzbekistan 2025 тажрыйба алмашуу, эл аралык экызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле акселерация жана IT-билим берүү программаларына көңүл бурууда маанилүү аянтча экенин белгиледи.

ICT Week Uzbekistan 2025 көргөзмөсүнө 50дөн ашуун өлкөдөн 300гө жакын компания катышууда. Иш-чара 26-сентябрга чейин уланат.