Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында өткөн жыл Кыргызстандын Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагындагы жигердүү жана жооптуу тышкы саясий ишинин маанилүү этабы болгонун билдирди.
ТИМ башчысы белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун Азербайжандын Габала шаарында өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 12-саммитине катышуусунун алкагында Кыргызстандын 2024-2025-жылдардагы бул уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыктары чыгарылды.
Министрдин айтымында, Кыргызстандын төрагалык кылуу мезгилинде өлкө аймагында уюмдун 24 иш-чарасы, ал эми чет өлкөлөрдө 4 иш-чара уюштурулган. Алардын арасында министрлер деңгээлиндеги жыйындар, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого жана кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маданий жана гуманитардык форумдар бар.
Мындан тышкары, Жээнбек Кулубаев ЖККУнун тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын төрагалыгы астында уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын биринчи жолугушуусу өткөнүн баса белгиледи. Иш-чара өткөн жылдын сентябрь айында Бишкекте өтүп, ЖККУ алкагында практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.
Ошондой эле Кыргызстандын демилгеси менен интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган кызматташтыктын ар кандай тармактары боюнча бир катар келишимдердин жана меморандумдардын долбоорлору иштелип чыгып, кароого сунушталды.
"Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгы эл аралык кырдаалдын туруксуздугу, регионалдык жана трансулуттук коркунучтардын өсүшү сакталып турган шартта өттү. Бул жагдай уюмга мүчө бардык мамлекеттерден жогорку жоопкерчиликти, демилгелүүлүктү жана аракеттерди тыгыз координациялоону талап кылды", - деди министр.
Жээнбек Кулубаев баса белгилегендей, Кыргызстан өзүнө жүктөлгөн миссияны татыктуу аткарып, иштердин сакталышын жана ырааттуу өнүгүүсүн камсыз кылды, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоого салым кошту.
Министрдин айтымында, төрагалык мезгилинде саясий координацияны чыңдоого, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле мүчө мамлекеттердин тармактык органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында терроризм, экстремизм, трансулуттук кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча күн тартиби ырааттуу түрдө илгерилетилди.