Берлинде ITB эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды

Коом 764 05 Март 2025 17:25
483102394_669530079072001_3259081109985641599_n.jpg
481060277_669529992405343_7564068686495649145_n.jpg
481080146_669530045738671_4333699861897501711_n.jpg
481270850_669530009072008_4707557837650391858_n.jpg
480960201_669530095738666_5820160074163598228_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Туризмди өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Германияда 2025-жылдагы эң маанилүү дүйнөлүк туристтик көргөзмөлөрдүн бири ITB Berlin ачылды.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, эң ири туристтик көргөзмө ITB Berlin 2025тин ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук стенди ачылып, 12 мекендеш туризм компаниялары өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, дүйнө жүзүн биздин уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен таанышууга чакырууда.

Белгиленгендей, көргөзмөдө биздин стендди Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Асылбек Алиев ачты.

Белгилей кетсек, фонд чет өлкөлүк туристтерди тартуу жана алардын ыңгайлуу шарттарда болушу үчүн тынымсыз иш алып барууда. Бул жылы ITB Berlin көргөзмөсүндө туризм тармагында жасалма интеллект жана жаңы технологияларга чоң басым жасалууда.

ITB Berlin 2025 көргөзмөсү 6-мартка чейин уланат.