Кыргызстан Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салууну кубаттайт

Саясат Загрузка... 09 Октябрь 2025 13:30
560909997_24652838254357750_344134242741898785_n.jpg
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Кыргызстан Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча башталган процессти кубаттайт жана эл аралык укуктук принциптерге, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык демилгелерин колдоого берилгендигин дагы бир жолу ырастайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египет, Катар жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу.