Кыргызстан FIFA`нын рейтингинде 4 баскычка көтөрүлдү

Спорт 3 апрель 2025 17:28
Кыргызстан FIFA`нын рейтингинде 4 баскычка көтөрүлдү
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 3-апрелде FIFA`нын расмий сайтында футбол боюнча улуттук курамалардын жаңыланган рейтинги жарыяланды.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, жаңыланган рейтингде Кыргызстандын курамасы 4 позицияга көтөрүлүп, 1205 упай менен 103-орунду ээледи.

Курама команда AFC`нын рейтингинде команда 17-орунда турат.