Кыргызстан еврооблигациялар рыногуна ийгиликтүү чыгып, 700 млн доллар каражат тартты

Экономика 28 май 2025 16:00
501048776_697821902939628_2944315187118999597_n.jpg
500905838_697840969604388_3747896837775192544_n.jpg
Алдыга
Артка
501048776_697821902939628_2944315187118999597_n.jpg
500905838_697840969604388_3747896837775192544_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Кыргызстан эл аралык финансы рынокторуна суверендүү еврооблигацияларын дебюттук жайгаштырууну ийгиликтүү ишке ашырып, 700 млн доллар өлчөмүндө каражат тартты. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

Мында айтылгандай, облигациялардын купондук ставкасы 7,75 пайызды, ал эми мөөнөтү 5 жылды түзөт.

“Инвесторлордун жалпы суроо-талабы 2,1 млрд АКШ долларынан ашып, бул көрсөткүч келишимдин финалдык көлөмүнөн 3 эсеге жогору болду. Жайгаштыруу процессине Улуу Британия, АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн 100дөн ашык эл аралык инвесторлор катышты.

Кыргызстандын облигацияларына инвесторлордун кызыгуусунун жогору болушу өлкөнүн макроэкономикалык саясатына, анын финансылык системасынын туруктуулугуна жана КР президентинин жана Министрлер кабинетинин транспаренттүүлүктү, бюджеттик тартипти жана эл аралык финансылык интеграцияны тереңдетүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттерине ишенимдин өскөндүгүн күбөлөндүрөт”,- деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстан еврооблигациялар рыногуна ийгиликтүү чыгууну өлкөнүн инвестициялык аброюн бекемдөөгө, инфраструктураны, энергетиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттик финансынын туруктуулугун жогорулатууга узак мөөнөттүү каражаттарды тартуудагы маанилүү кадам катары карайт.