Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Кыргызстан Евробиримдиктин учуулардын коопсуздугу боюнча "кара тизмесинен" чыгуунун акыркы этабында турат. Бул тизмеге өлкөнүн киргенине дээрлик 20 жыл болду. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов брифингде билдирди.
Анын айтымында, Евробиримдиктин учуулардын коопсуздугу боюнча тизмеси ("кара тизме") 2005-жылы европалык авиация мейкиндигин эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп бербеген авиакомпаниялардан жана мамлекеттерден коргоо максатында түзүлгөн. Бул тизмеге Кыргызстан 2006-жылы аудиттин жыйынтыгында олуттуу мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин кирген.
"Акыркы эки жылда тизмеден чыгуу боюнча чоң иштер жүргүзүлдү. Биринчи кадам катары кыргыз делегациясынын транспорт боюнча Европа комиссиясына расмий сапары болду, андан соң кемчиликтерди жоюу боюнча жол картасы түзүлдү", - деди ал.
Ошондой эле Данияр Бостонов белгилегендей, эки жылдын ичинде өлкө Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук боюнча эки эл аралык аудитинен ийгиликтүү өтүп, 86%ды түзгөн жогорку көрсөткүчкө ээ болду.
"Ушул жылдын январь айында Кыргызстан биринчи жолу Евробиримдиктин онлайн аудитинен өттү, ал эми 9-мартта европалык аудиторлор Бишкекке акыркы текшерүү үчүн келет. Бул сапар өлкөнүн учуу коопсуздугу боюнча "кара тизмеден" чыгуу процессиндеги негизги кадамы болот", - деп баса белгиледи Бостонов.
Белгилей кетсек, эгерде текшерүү ийгиликтүү өтсө, Кыргызстан 2025-жылы тизмеден чыга алат, бул кыргызстандык авиакомпанияларга Евробиримдик өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.