Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Кыргызстан Европа биримдигинин маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Жыл өткөн сайын ортодогу кызматташтык стратегиялык мүнөзгө өтүүдө. Бул тууралуу күн мурун “Горизонт Европа” программасынын маалыматтык семинарында Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло билдирди.
“Горизонт Европа” Евробиримдиктин илим жана инновация тармагындагы эң ири программасы болуп, бюджети дээрлик 95 млрд еврону түзөт. Андыктан, Кыргызстан менен дагы бул жаатта долбоорлор аралык кызматташуу болушу керек. Программа өзү илимди, жаңы технологияларды жана эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого арналган. Муну илимий-дипломатиялык программа деп дагы атап койсо болот.
Кыргызстан маанилүү геосаясий жана олуттуу илимий потенциалга ээ болгондуктан, Евробиримдик аны толук кандуу өнөктөш катары тандап алууда. Муну менен эки тараптын кызматташтыгы жаңы этапта уланат”,-деди ал.
Белгилей кетсек, “Горизонт Европа” (“Horizon Europe”) — илим-изилдөө жана инновациялар жаатындагы Европа биримдигинин негизги программасы болуп, эл аралык илимий-технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өнөктөш өлкөлөрдүн илимий потенциалын чыңдоого багытталган.
Программанын социалдык, илимий, технологиялык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган төмөндөгүдөй 6 чоң кластери бар:
- Ден соолук;
- Маданият, чыгармачылык жана инклюзивдүү коом;
- Коом үчүн жарандык коопсуздук;
- Санарип, индустрия жана космос;
- Климат, энергия жана мобилдүүлүк;
- Тамак‑аш, биоэкономика, табигый ресурстар, айыл‑чарбасы жана айлана‑чөйрө.
Бул кластерлер ар бири Европа комиссиясынын саясий артыкчылыктарына жана илим‑инновациялык чөйрөдөгү глобалдык чакырыктарга жооп берүүгө багытталган.