Кыргызстан Евробиримдик менен өз ара пайдалуу диалогду улантууга даяр

Саясат Загрузка... 21 Октябрь 2025 10:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. 20-октябрда Люксембург шаарында "Өз ара аймактык байланыштуулукту өнүктүрүү күн тартибин илгерилетүү" темасында жогорку деңгээлдеги министрлик жыйыны өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Европа биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү/Еврокомиссиянын вице-президенти Кая Каллас, Еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, ошондой эле Европа биримигине мүчө 27 мамлекеттин, Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн, Азербайжан, Армения, Түркия, Молдова жана Украинанын тышкы иштер министрлери жана өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жетектеп келди.

Өз сөзүндө Абакиров Европа биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара сый-урматка жана кызыкчылыктарды эске алууга негизделген ишенимдүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоонун маанисин белгиледи. Ал 2024-жылы кол коюлган Кыргызстан менен Европа биримдигинин кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишиминин маанилүүлүгүн белгилеп, анын ратификация процесси боюнча колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Медер Абакиров кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына транспорт жана энергетикалык байланыштуулукту өнүктүрүү, санариптештирүү, соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жана жарандык авиация тармагындагы реформаларды киргизди. Ошондой эле ал маанилүү чийки зат ресурстары жана "жашыл" энергетика жаатындагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Кыргыз тарап эл аралык милдеттемелерин аткарууга жана санкциялык саясат маселелери боюнча ачык диалог жүргүзүүгө болгон даярдыгын дагы бир ирет тастыктап, ЕБ менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу диалогду улантуунун маанисин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Медер Абакиров Европа биримдигинин жогорку өкүлү Кая Каллас, еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, ошондой эле Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо, Камбар-Ата-1 ГЭСти куруу боюнча кол коюлган меморандумдардын практикалык жүзөгө ашырылышы, суу жана транспорт тармактарындагы реформалар, саясий диалогду бекемдөө жана аймактык коопсуздуктун туруктуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап Европа Биримдигине өлкөнүн социалдык-экономикалык реформаларын жана туруктуу өнүгүүсүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара ишеним жана сый-урмат рухундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө Португалия, Хорватия, Чехия, Финляндия, Словакия, Кипр, Мажарстан жана Люксембургдун тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушуулар да орун алган.