Кыргызстан энергетикалык тартыштыкты жоюуга багыт алды

Президент
Кыргызстан энергетикалык тартыштыкты жоюуга багыт алды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Кыргызстан жакынкы мезгилде энергетикалык тартыштыкты жоюуга жетишет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн электр тармактары жана инфратүзүм модернизацияланып, генерациялоочу кубаттуулуктар көбөйтүлөт. Бул багытта Камбар-Ата-1 ГЭСи, "Кара-Кече" ЖЭСи, чакан жана орто ГЭСтерди куруу сыяктуу долбоорлор ишке ашырылат.

"Ошондой эле мунайзат импортунун туруктуулугун камсыз кылуу жана өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жолго коюу боюнча иштер жүргүзүлөт", - деди өлкө башчысы.

Президенттин белгилешинче, негизги максат — тышкы тобокелдиктерге көз карандылыкты азайтып, өлкөнү электр энергиясы жана отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.