Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер талкууланган республикалык кеңешмеде ишкерлердин кызыкчылыгын эске алган тең салмактуу салык саясаты жүргүзүлөрүн билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, санариптик системаларды киргизүү аркылуу ишкерлер менен салык органдарынын түз байланыштары жоюлат.
"Ошондой эле кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору жана технологиялык жактан терең кайра иштетилген продукцияларды чыгарган, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган ишканалар үчүн салык салуу эрежелери жеңилдетилет", - деди президент.
Жапаров белгилегендей, бул чаралар салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө жана өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталат.