Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө” республикалык кеңешмеде Кыргызстандын экономикалык өсүшүн камсыздоонун негизги багыттарын белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү экспортко багытталган кызмат көрсөтүүлөргө жана кошумча наркы жогору өнөр жай продукциясын өндүрүүгө негизделет.
“Ал үчүн соода жана бажы саясатын кайра карап чыгып, ата мекендик товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокторго чыгаруу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү зарыл”, — деди өлкө башчысы.
Президент өнөр жайды өнүктүрүүдө технологияларды жаңылоого, чийки затты терең кайра иштетүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция өндүрүүгө жана ишканаларды эл аралык өндүрүш чынжырларына кошууга басым жасаларын белгиледи.
Ошондой эле экономиканын негизги тармактарына инвестиция тартуу жана заманбап технологияларды киргизүү аркылуу түзүлгөн кошумча нарктын басымдуу бөлүгүн өлкө ичинде калтыруу максаты коюлду.
“Мамлекет тамак-аш, курулуш, фармацевтика, жеңил өнөр жайы, чакан машина куруу жана пайдалуу кендерди кайра иштетүү сыяктуу экспорттук мүмкүнчүлүгү бар тармактарды колдоого алат”, — деди президент.