Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири транзиттик, логистикалык жана энергетикалык долбоорлор өлкөнүн ички-тышкы миграция саясатына, ошондой эле ички эмгек рыногуна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Алп курулуштарда маяна жогорулап, Тышкы иштер министрлиги сыртта жүргөн кыргызстандыктарды мекенге кайтууга чакырууда. Ошол эле маалда Кыргызстан акыркы жылдары жумушчу күчүн экспорттогон өлкөдөн чет элдик эмгек мигранттарын кабыл алган мамлекетке айланды. Сырттан келген капитал жана жаңы технологиялар менен бирге өлкөгө чет элдик адистер менен жумушчулар да кирди.
Өлкөдө жумушчуларга жана техникалык адистиктерге болгон суроо-талап кескин күчөдү. Кадр жетишсиздигинен улам тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев сыртта жүргөн жарандарга кайрылды. Ал электрик, сантехник, токарь, жыгач уста сыяктуу квалификациялуу жумушчулар өлкөдөгү темир жол жана ГЭСтерди куруу үчүн өтө зарыл экенин белгиледи.

"Экскаваторчулар менен трактористтер 80–90 миң сомдон кем эмес айлык алып жатышат. Көптөгөн кесиптердин маянасы азыртадан эле Россиянын деңгээлине жакындап калды. Ооба, миграция глобалдык процесс, биздин жарандар башка өлкөлөргө иштегени кетишсе, чет өлкөлүктөр бизге келишет. Бирок кыргызстандыктар өз мекенинде үй-бүлөсүнүн жанында, туруктуу иштешсе жакшы болмок. Бул коопсуз дагы. Алар ушул жерден ипотека алып, өз өлкөсүнө салым кошо алышат. Ошондуктан, мен мигранттарды мүмкүн болушунча өлкөгө кайтып келип, бул жерде иштеп, жашоого чакырам", — деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев.
Учурда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары, өндүрүш жана социалдык объектилер, ири мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлор, оор шарттагы тоолуу туристтик локациялар жана чоң жолдор курулуп жатат. Муну менен бирге өлкө экономикасынын дээрлик жарымын ээлеген орто жана чакан бизнес үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Буга чейин бир убакта бир нече ири долбоорду ишке ашырып көрбөгөн Кыргызстан үчүн бул чоң жоопкерчилик. Жаңы технологиялар киргизилгени менен, алп курулуштар дагы деле көп жумушчу күчүн талап кылат.
Ишти илгерилетүү максатында Кыргызстан 2026-жылга тышкы эмгек мигранттары үчүн 100 миң квота ачкан. Жыл башынан бери 61 миң жумушчу визасы берилди. Алардын жарымы кытай жарандары, алар негизинен темир жол курулушуна тартылган. Мындан сырткары Пакистан, Индия жана Бангладеш, Өзбекстандан келгендер да иштеп жатат.
Өкмөт тышкы эмгек миграциясын өлкө кызыкчылыгы үчүн максаттуу пайдалануу максатында бир катар көзөмөл чараларын көрүүдө. Тышкы иштер министрлиги виза алуудагы коррупциялык тобокелдиктер менен тааныш-билиштик толук жоюлганын белгиледи.
Виза эрежелери тыкыр көзөмөлдөнөрүн президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде да баса белгилеген.

"Долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт. Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай жараны Кыргызстанга кире албайт. Ошондуктан жергиликтүү калк да кылдат мамиле жасашы керек. Башталып калган бардык кылым долбоорлорубуз бүтүп кетсин. Ансыз деле бул жолдун салынбай калышына кызыкдар күчтөр көп. Көптөгөн каршылыктар болуп, "тирүүнүн тозогу" менен араң баштадык. Бул жол башка бирөөлөргө эмес, келечекте бизге, Кыргызстанга керек. Керек болгондо да, аба менен суудай керек", — деген президент Садыр Жапаров.
Айтмакчы, президент Садыр Жапаров Кыргызстанда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарды легалдаштыруу боюнча бир жолку кампания өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Документке ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин алар административдик жоопкерчиликке тартылбастан, өлкө аймагынан өз ыктыяры менен чыга алышат.
Ошол эле учурда жоопкерчилик да күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө документтерди кечиктирүү жана миграциялык режимди бузуу үчүн чет элдик жарандарды жумушка алган компаниялар жоопкерчиликтүү. Алар кызматкерлеринин документтерин катуу көзөмөлдөөгө тийиш.
- ИИМ тарабынан айып пул: Жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн 5 миңден 20 миң сомго чейин.
- ТИМ тарабынан айып пул: Эреже бузуулар үчүн 100 миңден 120 миң сомго чейин жетет.
Миграция жана кесип тандоо боюнча эксперт Нурия Темирова Кыргызстан жергиликтүү жана чет элдик адистердин ортосундагы тең салмактуулукту сакташы керек деген пикирде. Серепчи өзүбүздүн жарандарды жумуш менен камсыздап, ал эми чет элдик мигранттар өлкөгө тажрыйба жана билим таштап кете тургандай шарт түзүү зарылдыгын айтат. Ал эми өлкөдөгү жумушсуздукту жоюу үчүн коомдун жумушчу кесиптерге болгон пикирин өзгөртүү зарыл.

"Бизде эмгекке жарамдуу курактагылар арасында жумушсуздук көйгөйү бар жана Россиядан кайтып жаткан мигранттарыбыз да арбын. Биринчи кезекте өз жарандарыбыз үчүн шарт түзүлүшү зарыл. Андан сырткары башка жактан келген адистерге да орун берилиши керек. Анткени Кыргызстанда чоң объектилер салынып жатат. Менимче, чет өлкөдөн сейрек кездешүүчү, Кыргызстанда даярдалбаган квалификациялуу адистер көбүрөк тартылса, алар билимин, тажрыйбасын таштап кетишет. Бул экономиканын өсүшүнө салым кошот.
Негизинен, миграция процесси дайыма кыймылда болуп турат. Кеткендер да, келгендер да бар. Анын үстүнө биздин жаштар арасында түз эле чоң айлык алып иштегиси келген тенденция байкалат. Кайсы гана кесип болбосун, тажрыйбага ээ болуп, жөндөм топтогондо гана айлыгы көбөйөт эмеспи. Бул багытта жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Ошондой эле кесип тандоодо да маселе бар. Жаштар актуалдуу кесиптин ээси болсо, миграцияга барган өлкөдө да көп маяна менен иштей алат. Миграция процессин толугу менен токтотуу кыйын, бирок максаттуу, башкарылуучу миграцияны жолго коюуга болот", — деди эксперт Нурия Темирова.
JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу "Кабар" агенттигине берген маегинде Кытайдан жана Түштүк Азиядан келген эмгек мигранттары боюнча пикирин бөлүштү.

"Кытай инвесторлору кызыккан негизги тармактар — энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, курулуш, тоо-кен, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү, транспорттук жана логистикалык долбоорлор. Булардын баары биз үчүн маанилүү. Бул багыттарда жаңы жумуш орундары түзүлүп, анын артынан экспортко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү ачылат.
Кытай курулуш, жаңы технологиялар жана машина куруу сыяктуу тармактарда абдан тез ыргакта алдыга кетти. Биз коңшулардын тажрыйбасын биринчилерден болуп жана таасирдүү колдонушубуз керек. Темир жол салынып, "Бедел" өткөрмө пункту ачылса, Кытай биз үчүн 1,5 миллиарддык чоң рынокко айланат. Эгер өнүгөбүз десек, сырттан келген жумушчу күчүнө көнүшүбүз керек. Кыргызстан дүйнө менен интеграция болмоюн өнүгүүгө жете албайт", — деди Аззамбек Жээнбай уулу.