Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланат – Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 14:37
17.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Кыргызстандын тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоор болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.

"Дагы бир тарыхый долбоорубуз — кубаттуулугу 1 860 мегаватты түзгөн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу. Өлкө тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоор боло турган бул гидроэлектрстанция ишке киргенден кийин Кыргызстан өзүнүн ички керектөөлөрүн гана толук камсыздабастан, электр энергиясын экспорттоочу мамлекетке айланат жана бүтүндөй чөлкөмдүн энергетикалык туруктуулугуна салым кошот", — деди президент.

Мамлекет башчысы бул долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдап, экономикалык өсүш менен аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү кадам болорун баса белгиледи.

Эскерте кетсек, "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча республикалык кеңешме өттү.