Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК) 29-жыйынына онлайн-режимде катышты.
ТИМден билдиришкендей, жыйында делегациялардын жетекчилери аймактагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Өз сөзүндө Жээнбек Кулубаев ЭКУнун потенциалын натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп, мүчө-мамлекеттердин экономикалык интеграциясын бекемдөө үчүн практикалык жаңы кадамдардын зарылдыгына көңүл бурду.
Экономикалык өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын арасында транзиттик-транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Энергетика тармагы тууралуу кеп салып, делегация башчысы жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Тагыраагы, CASA-1000 долбоорунун негизинде ЭКУнун бирдиктүү энергетикалык тутумун түзүү боюнча ишти баштоону сунуштады. Ошондой эле ЭКУнун “Таза энергия борбору” Уставынын түзүлүшүн жана күчүнө киришин куттуктап, күн жана гидроэнергияны интеграциялоо, ошондой эле тоолуу аймактарда энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча программаларды иштеп чыгуунун маанисин баса белгиледи.
Инновациялар маселесин улантып, санариптештирүү жаатындагы келечектүү багыттар белгиленди, IT-парктардын жалпы платформаларын, жасалма интеллект, электрондук коммерция жана киберкоопсуздук боюнча биргелешкен программаларды өнүктүрүү сунушталды. Кыргызстан бул багыттарда активдүү иштөөгө жана тажрыйба алмашууга даяр экенин тастыктады.
Гуманитардык кызматташтыктын потенциалын белгилөө менен, Жээнбек Кулубаев ЭКУга мүчө мамлекеттерди 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Жыйындын жыйынтыгында делегациялар бир катар уюштуруучулук чечимдерди кабыл алышты. ЭКУга мүчө мамлекеттер өз ара кызматташууну активдүү өнүктүрүүгө жана мындан аркы экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр экенин билдиришип, 2026-жылы Пакистанда өтө турган ТИМКнын кезектеги жыйынын колдоого алышты.