Кыргызстан ЭКУ банкынын инвестицияларын тартууну көздөйт

Аймак 368 13 Июль 2026 12:25
1.jpg
745908292_810180218755178_4518308939705415900_n.jpg
746477061_1018028021154779_3884214765801174581_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
745908292_810180218755178_4518308939705415900_n.jpg
746477061_1018028021154779_3884214765801174581_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкеке, 13.07.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Стамбул шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйындарына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындардын жүрүшүндө банктын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2026-жылга карата бюджети жана ЭКУ аймагындагы келечектүү долбоорлорду каржылоо маселелери каралды.

Министрдин орун басары өз сөзүндө уюмга мүчө мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүдө аталган банктын ролу чоң экенин баса белгиледи.

"Кыргызстан экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестиция тартуу жана стратегиялык маанидеги долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу үчүн ЭКУнун Соода жана өнүктүрүү банкы менен өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө даяр", - деди ал.

Кыргыз тарап биргелешкен экономикалык демилгелерди колдоо үчүн өлкөдө бардык зарыл болгон жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи.