Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Кыргызстан Россиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "ИННОПРОМ" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, эл аралык өнөр жай көргөзмөсү 7-июлда башталган.
Иш-чарага КМШ, Азия жана Африканын 50дөн ашык мамлекети катышууда. Бул жылы өнөктөш өлкө Сауд Аравиясы болуп саналат.
Көргөзмөнүн ишине экономика министринин орун басары Султан Ахматов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышууда.
Кыргызстандын Улуттук павильонунда Свердлов облусунун жана жалпысынан Россиянын кызыкдар өнөр жай, курулуш ишканалары жана ишкер чөйрөлөрү үчүн сунушталган өнөр жай, курулуш жана башка продукциялардын кеңири түрү көрсөтүлүүдө.
Анда 17 кыргыз компаниясы үй буюмдарын, радиаторлорду, каптоочу таштарды, керамикалык плиталарды, ысытуучу лампаларды, айнек, самын жуучу буюмдарды, жасалгалоочу материалдарды, жүк ташуучу мотоциклдерди, желдетүү системаларын жана спорттук кийимдерди сунуштоодо.
Белгиленгендей, көргөзмө 10-июлга чейин уланат.