Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Быйыл Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгондугуна 10 жыл болду. Бул маараке өлкө үчүн белгилүү бир тарыхый этапты гана эмес, интеграциянын реалдуу жыйынтыктарын таразалоо зарылдыгын да эске салат.
2015-жылга чейин өлкөдө интеграция маселеси кеңири талкууланып, коомдук жана эксперттик чөйрөдө ар кыл көз караштар айтылган. Сурамжылоолор жарандардын 86 пайызы биримдикке кошулууну колдогонун көрсөткөн. Экономикалык анализдер болсо Кыргызстан ири рыноктордон сыртта калбоо үчүн интеграция маанилүү экенин көрсөткөн.
Бул он жыл ичинде Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында бир катар ийгиликтерге жетишип, ошол эле учурда жаңы чакырыктарга да туш болду. Интеграцияга байланыштуу так, системалуу илимий изилдөөлөрдүн аздыгы — коомдук түшүнүктөгү боштукка алып келген факторлордун бири.

Дал ушул боштукту толтурган биринчи комплекстүү эмгек — "Евразиялык экономикалык жол: Кыргызстан 10 жылда (2015–2025)" монографиясы 2025-жылдын ноябрында жарык көрдү. Президент Садыр Жапаров китептин маанисин белгилеп, ЕАЭБ "глобалдык экономикалык архитектурада татыктуу орун алганын" айтты.
Монографияны даярдаган автордук топ — Евразия экономикалык комиссиясынын жана КР министрлер кабинетинин тажрыйбалуу кызматкерлери. Алар интеграциялык процесстерди толук түшүнгөн адистер катары материалды кеңири фактылар менен бекемдешкен.
Эмгек үч бөлүктөн турат:
- дүйнөлүк регионалдык бирикмелердин салыштырма талдоосу;
- Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылдык жолу;
- келечектеги багыттар жана сценарийлер.
Китепте интеграциянын жетишкендиктери — эмгек мигранттары үчүн шарттардын жакшыртылышы, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишке кириши, экспорттук рыноктордун кеңейиши белгиленет. Ошол эле маалда экономикалык диверсификация, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү жана мамлекеттик институттарды күчөтүү зарылдыгы көрсөтүлөт.
Монография — тарыхый документ гана эмес, стратегиялык ой жүгүртүү үчүн маанилүү платформа. Ал Кыргызстандын евразиялык интеграциядагы орду боюнча жаңы, терең диалогго жол ачат.