Кыргызстан ЕАЭБде агроөнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү сунуштады

Экономика 158 13 Август 2026 17:50
IMG_6585.JPG
IMG_6689.JPG
IMG_6690.JPG
IMG_6691.JPG
IMG_6699.JPG
IMG_6702.JPG
IMG_6718.JPG
IMG_6754.JPG
IMG_6756.JPG
Алдыга
Артка
IMG_6585.JPG
IMG_6689.JPG
IMG_6690.JPG
IMG_6691.JPG
IMG_6699.JPG
IMG_6702.JPG
IMG_6718.JPG
IMG_6754.JPG
IMG_6756.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Алматыда ЕАЭБдин Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жетинчи жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын атынан министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чраба жана кайра иштетү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал ЕАЭБ алкагында айыл чарба продукциясынын өз ара соодасын кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, заманбап агротехнологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле кыргызстандык ишканалардын агродолбоорлорду каржылык колдоо механизмдерине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселесине көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 832,2 млн долларды түзгөн.