Кыргызстан дүйнөнү бириктирген көпүрө болот - Чынара Мамажакыпова

Шайлоо Загрузка... 14 Ноябрь 2025 18:02

УРМАТТУУ АЛАЙ ЭЛИ!

Мен ушул ыйык жердин кызымын.

Бул тоолордун шамалы үнүмдү бийиктетти, бул элдин мээрими мага күч берди.

Алай — бул жөн эле жер эмес, бул жүрөк!

Элдин кубанычы — менин кубанычым, элдин азабы — менин азабым.

Бүгүн мен саясатчы катары эмес,

жүрөгү эл деп согуп турган кызыңар катары сүйлөп жатам.

Биздин жер бай, элибиз ыймандуу, мүмкүнчүлүк чексиз!

Бирок ошол байлык элге жетпей келет.

Жаштарыбыз жумуш издеп кетип жатат…

Бул мени оорутат.

Ошон үчүн мен унчукпай тура алган жокмун.

Эки жыл бою күнү-түнү иштеп, элге жарык жол тартуулаган долбоор жараттым.

Бул жөн эле кагаз эмес — бул ишеним, бул үмүт, бул келечек!

✅ Логистика жана соода борборлору — Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу Борбор Азиянын жүрөгүнө айланат!

Жаштар жумуш табат, айылдар өзгөрөт, эл байыйт!

✅ Санариптик экономика — Биздин продукциялар дүйнөлүк базарларга чыгат.

Кыргызстандын үнүн дүйнө угат!

✅ Жаштар жана аялдар үчүн мүмкүнчүлүк! Билим, колдоо, иш — ар бир үйгө жарык тартуулайт.

Мен элге сөз менен эмес — иш менен кызмат кылам!

Боорукердик, адилеттик, биримдик — менин жолум ушул.

Эгер Алай ойгонсо — Кыргызстан ойгонот!

Эгер Чоң-Алай бириксе — эл биригет!

Эгер Кара-Суу кыймылдаса — өлкө алдыга жылат!

Келгиле, бирге өзгөрөлү!

Бирге көтөрөлү Кыргызстанды!

8- округ №12

Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна