Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) укук боюнча Консультациялык борборуна 47-мүчө өлкө болуп кирди.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү протоколго 30-июнда Женева шаарында кол коюлду.
Кыргызстандын бул уюмга кирүү төгүмүн Норвегия Падышачылыгы донор катары толугу менен каржылады.

Бул кадам өлкөгө төмөнкүдөй негизги артыкчылыктарды берет:
- эл аралык соода маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги юридикалык корутундуларды акысыз алуу;
- дүйнөлүк соода талаш-тартыштарында улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн жеңилдетилген баада толук адвокаттык колдоого ээ болуу;
- ата мекендик мамлекеттик кызматкерлерди ДСУ укугу боюнча акысыз окутуу жана тажрыйбасын жогорулатуу.
Белгиленгендей, борборго мүчө болуу Кыргызстанга эл аралык соода аренасында өз укуктарын башка өлкөлөр менен тең деңгээлде коргоого шарт түзөт.