Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун инвестициялык келишимине кошулат

Экономика Загрузка... 19 Ноябрь 2025 15:33
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Бишкекте "Борбор Азиянын байкоочулары" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк соода уюмунун инвестицияларга көмөктөшүү жөнүндө макулдашуусу боюнча улуттук өзүн-өзү баалоо жана аны валидациялоого багытталган семинар өтүүдө.

Иш-чараны президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Эл аралык соода борбору менен бирдикте уюштурган.

Агенттик аталган келишимге кошулууга даярдануунун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ түзгөн. Ал улуттук практикага ар тараптуу өзүн-өзү баалоону жүргүзөт. Топ келишимдин 23-беренесин карап чыгып, 500дөн ашык анкета суроолоруна жооп берет. Семинарда жыйынтыктар боюнча кемчиликтерди жана реформалардын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо талкууланат.

"Улуттук өзүн-өзү баалоо жана аны валидациялоо кемчиликтерди аныктоого, инвестициялык чөйрөнүн ачыктыгын жана болжолдуулугун жогорулатуу үчүн реформалардын планын түзүүгө мүмкүндүк берет", - дейт Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев.

Кыргызстандын макулдашууга кошулушу инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, "бирдиктүү терезени" киргизүү жана өлкөнүн институционалдык потенциалын чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн ачат.