Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен финансы тармагын санариптештирүүнү талкуулады

Экономика Загрузка... 15 Октябрь 2025 18:26
Угольно-Черный и Белый Минималистичный Пользовательский Интерфейс Изменение климата Экоустойчивость Информационная Многостраничная Публикация в Instagram (28).png
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын санариптик технологиялар боюнча вице-президенти Сангбу Ким менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында өттү.

Жолугушууда мамлекеттик финансыны башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү, жасалма интеллектти жана блокчейн технологияларын колдонуу талкууланды.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстандын Digital CASA – долбоорун ишке ашыруудагы ийгиликтерин белгиледи, анын алкагында G-Cloud булуттук платформасы түзүлүп, 1500 чакырымдан ашык оптикалык-була байланыш линиялары курулган.

Долбоордун ишке ашырылышы мамлекеттик финансынын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана жарандар үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар санариптик финансы, тажрыйба алмашуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана инновациялык экономиканы өнүктүрүүгө багытталган адистерди даярдоо жаатында кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.