Кыргызстан үчүн жаңы дарбаза. Түркияга, Жакынкы Чыгышка жана Европа Биримдигине жол ачкан долбоор

Экономика Загрузка... 26 Август 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы эң маанилүү жана потенциалдуу эң ири долбоорлордун бири болуп саналат.

Долбоордун тарыхы 2000-жылдардын башында үч өлкөнү бириктирүү, андан ары Перс булуңу жана Түркия аркылуу Европа менен байланыштыруу идеясын талкуулоодон башталган. Бирок ар кандай себептерден улам долбоор салыштырмалуу жакынкы убакка чейин талкуу баскычында калып келген. Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин гана 2024-2025-жылдары жанданып, жаңы дем алды.

Аны Кытайды Борбордук Азия жана андан ары Европа менен байланыштырууга багытталгандыктан, байыркы заманда болгон ири соода жолдоруна окшоштуруп жана жандандырып, Улуу Жибек жолунун азыркы кайра жаралышы деп аташат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саясий эркин белгилей кетүү керек. Долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан сүйлөшүүлөргө активдүү көмөктөшүп, өкмөттөр аралык келишимдерди түзүүдө жана инвестиция тартууда негизги ролду ойноду.

2024-жылдын 27-декабрында темир жолдун курулушуна расмий старт берилген. Анда КРнын президенти Садыр Жапаров, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кайрылуу жасашкан. Алар долбоордун бүткүл аймак үчүн маанисин баса белгилешти. Ушул жылдын 30-июнунда Кыргызстандын аймагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун бүткүл узундугу боюнча толук масштабдуу курулуш иштери расмий түрдө башталды.

Темир жол курулушу Кыргызстан менен Өзбекстанга пайда алып келет, жаңы транзиттик коридор аркылуу дүйнөлүк рынокторго чыгууга шарт түзөт, жүктөрдү жеткирүү убактысын кыскартат, экономиканын жана туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Кыргызстан транзиттик потенциалга жана экономикалык өсүшкө ээ болот, ал эми Өзбекстан экспорт жана импорт үчүн транспорттук байланыштарды кеңейтет, бул дагы өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору Кытай менен Борбор Азиянын темир жол тармактарын бириктирүүгө багытталган, Түркмөнстан, Иран жана Түркия аркылуу Европага түз жол ачат. Узундугу болжол менен 450-520 км болгон маршрут Кашкардан (Кытай) Торугарт, Нарын жана Жалал-Абад (Кыргызстан) аркылуу Өзбекстан менен чек арага чейин өтөт.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров темир жол куруу Кыргызстан үчүн инфраструктуралык гана эмес, фундаменталдуу социалдык-экономикалык мааниге ээ экенин баса белгилейт.

«Расмий баалоолор боюнча, магистралдын ишке кириши транзит үчүн эле Кыргызстандын экономикасына жыл сайын кеминде 200 миллион АКШ доллары өлчөмүндө киреше алып келет. Ички дүң продукциясы анча чоң эмес өлкө үчүн бул салыктык кирешелердин бир нече пайыздык пунктка өсүшүнө барабар жана валюталык кирешенин туруктуу булагын түзөт. Мындан тышкары, темир жол куруунун мультипликативдик эффектиси бар, аны алдын ала 2 миллиард АКШ доллары деп баалоого болот», - деп белгилейт.

Анын айтымында, жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 10–15 млн тонна жүк болот. Кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн бул жаңы рынокторго жеткиликтүүлүктүн кеңейиши, транспорттук чыгымдардын азайышы жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашы, ошондой эле убакыттын жана аралыктын кыйла үнөмдөлүшү дегенди билдирет.

«Кыргызстан аркылуу Кытай – Европа, Жакынкы Чыгыш маршруту жолду болжол менен 900 километрге кыскартат, бул 7–8 сутка үнөмдөөгө барабар. Тез бузулуучу продукциялар (айыл чарба товарлары, фармацевтика) жана кошумча наркы жогору товарлар үчүн бул атаандаштык артыкчылыктарынын чечүүчү фактору болуп калат», — деп кошумчалады Абдыров.

Долбоор ошондой эле миңдеген жумуш орундарын түзүп, маршрут боюнча калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатат.

«Курулуш учурунда 20 миңден ашык адам тартылат. Бул Нарын жана Жалал-Абад облустарында жаңы жумуш орундарын камсыздап, иш менен камсыз болуу деңгээлин жана үй чарбаларынын кирешесин жогорулатат. Келечекте темир жолду иштетүү логистика, инфраструктураны тейлөө жана тиешелүү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө квалификациялуу персоналды талап кылат», - дейт эксперт.

Ал эми контейнерлерди кайра жүктөө үчүн темир жолдун изи өзгөргөн жерлерде аймактык хабдар түзүлөт.

«Макмалда контейнерлерди кайра жүктөө түйүнүн түзүү өзгөчө мааниге ээ, анткени ал жерде темир жолдун изи өзгөрөт, ошондой эле Жалал-Абадда ири операциялык борбор түзүлөт. Бул пункттар аймактык экономикалык өнүгүүнүн өзөгүнө айланат: алардын айланасында кампалар, тейлөө ишканалары, транспорттук компаниялар жана чакан бизнес түзүлөт. Ар бир салынган доллар чектеш тармактарда өсүштү жаратууга жөндөмдүү», - деп белгиледи Абдыров.

Ошол эле учурда өлкөнүн түндүгүн жана түштүгүн бириктире турган Балыкчы–Кочкор темир жол линиясынын курулушу жүрүп жатат. Келечекте Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан долбоору Кыргызстандын ичинде темир жол аркылуу үзгүлтүксүз каттамды камсыздап, аймактардын байланышын жакшыртып, улуттук рынокту эффективдүү интеграциялоого мүмкүндүк берет.

Жыйынтыктап жатып, Төлөнбек Абдыров буларга токтолду: «Долбоор Кыргызстан үчүн Түркиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Европа Биримдигинин базарларына түздөн-түз чыгууга мүмкүнчүлүк берет, бул "Ортоңку коридор“ деп аталат. Бул соода өнөктөштөрүнүн географиясын кеңейтүү аркылуу туруктуу экономикалык өсүш үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк».