“Кабар” маалымат агенттигине өлкөнүн жеңил жана текстиль өнөр жай тармагындагы жүзөгө ашкан иштери жана алдыдагы пландары тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" борбору кенен айтып берди.

2024-жылы Кыргызстандан жеңил өнөр жай тармагынын кандай товарлары экспорттолгон?
- Кийим жана анын буюмдары - 111,2 млн АКШ долларына бааланган;
- Даяр текстиль буюмдары - 114,4 млн АКШ доллары;
- Бут кийим жана алардын бөлүктөрү - 154,4 млн доллары;
- Трикотаж кездеме - 59,5 млн АКШ доллары;
- Пахта жана андан жасалган буюмдар (пахта буласы) - 33,3 млн АКШ доллары;
- Атайын кездемелер - 24,1 млн АКШ доллары;
- Жүн жана андан жасалган буюмдар - 3,2 млн АКШ доллары;
- Баш кийимдер - 0,5 млн АКШ долларын түзгөн.
Жеңил өнөр жай тармагынын экспорттунун географиясы кандай?
Кыргызстандын экспорттунун географиясына токтолсок, алдынкы он өлкөнүн катарына Россия, Казакстан, Иран, Кытай, Түркия, Өзбекстан, АКШ, Азербайжан, Латвия жана Германия кирет.
2024-жылдагы экспорттун географиясы (миң АКШ доллары)
Россия – 451 106,30
Казакстан – 38 360,90
Иран – 8 376,40
Кытай – 8 160
Түркия – 5 994,20
Өзбекстан – 3 986,10
АКШ – 1 843,40
Азербайжан – 756,60
Латвия 308,10
Германия – 188,90

“Кыргыз Экспорт” борборунан билдиришкендей, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында Кыргызстандын тигүү тармагынын продукциясынын катышуусун бекемдөөнүн, позицияларын турукташтыруунун жана көлөмдөрүн өстүрүүнүн маанилүүлүгү менен бирге, атамекендик продукцияны жаңы экспорттук рынокторго активдүү жылдыруу маанилүү милдет болуп саналат. Бул биринчи кезекте тигүү тармагынын Европа рыногуна, Жакынкы Чыгышка, араб өлкөлөрүнө, АКШга жана башка аймактарга чыгуусуна тиешелүү. Мында "mass-market" классындагы товарларды (орточо баа сегментинен төмөн) гана эмес, ошондой эле "middle" категориясындагы (орто сегмент) продукцияларды өндүрүү мерчемделүүдө.
Учурда борбор текстиль буюмдарын, кийимдерди, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын жана бут кийимдерди экспорттоо үчүн эл аралык жана региондор аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат.

Кандай иштер аткарылды?
Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана атамекендик продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2024-жылдын декабрь айында 2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасы бекитилди. Документ экспорттун көлөмүн көбөйтүү, “Кыргызстанда жасалган” бренди менен атамекендик продукциянын эл аралык таанылышын жогорулатуу максатын көздөйт.
Программа төмөнкүдөй секторлордо чараларды кабыл алууга багытталган:
- экспортту илгерилетүү;
- финансыга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу;
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
- сапаттын улуттук инфраструктурасын жакшыртуу.

“Кыргыз Экспорт” борбору атамекендик компаниялардын эл аралык көргөзмөлөргө катышуусун уюштуруп, чет өлкөлүк өнөктөштөрдү табууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жардам берүүдө. Ошондой эле кыргыз өндүрүүчүлөрү менен чет өлкөлүк сатып алуучулардын ортосунда жолугушууларды уюштурууда.
Жалпы жонунан былтыр 250дөн ашык атамекендик компания 12 эл аралык көргөзмөгө катышкан, анын ичинен жеңил өнөр жай жана кийим тигүү тармагында иштеген 76 экспорттоочу Кытай, Россия, Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүлгөн иш-чараларга барган.
Эл аралык көргөзмөлөргө катышуунун жыйынтыгында жалпы суммасы 530 млн сомду түзгөн 80 келишимге кол коюлган, ошондой эле 1000ден ашык потенциалдуу кардарлар менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар болуп, анын ичинен жеңил өнөр жай жана кийим тигүү боюнча 70,3 млн сомдук келишимдерге жетишилген.
Атап айтсак, 2024-жылдын 8-июлдан 11-июлга чейин Россиянын Екатеринбург шаарында "ИННОПРОМ" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө Кыргызстандын жеңил жана оор өнөр жайынын 19 компаниясы катышты. Анда атамекендик компанияларга өз продукцияларын көрсөтүүгө жана Россия Федерациясынын жана араб өлкөлөрүнүн ишкер өнөктөштөрү менен жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясына 1,3 млн сомго жеңил өнөр жай продукциясы, тактап айтканда, эркектердин шымы жеткирилди. Дагы жаңы келишимдерди түзүү жана кошумча жеткирүүнү уюштуруу боюнча компаниялар ортосунда сүйлөшүүлөр улантылууда.
Өткөн жылдын 12-14-ноябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында эл аралык International Apparel & Textile Fair көргөзмөсү уюштурулду. Бул көргөзмөдө атамекендик 21 компаниянын продукциясы көрсөтүлүп, кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларын БАЭ, Индия, Сауд Аравия, Кувейт, Пакистан, АКШга жеткирүү маселеси боюнча бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Учурда аялдар жана балдар кийимдеринин сыноо партияларын жөнөтүүгө камылгалар көрүлүүдө. Ошондой эле мындан аркы кызматташуу жана макулдашууларды түзүү пландалууда.
2024-жылдын 12-14-ноябрында Bee-Together 2024 жеңил өнөр жай боюнча аутсорсингге багытталган эл аралык көргөзмө болду. Иш-чарага атамекендик 52 жеңил өнөр жай компаниясы катышты. Кыргыз компаниялары жалпы суммасы 54 млн сомду түзгөн келишимдерге кол коюшту. Бүгүнкү күндө даяр кийимдерди (эркектер, аялдар жана балдар кийимдерин) жеткирүү боюнча келишимдерди түзүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Ал эми быйыл 20га жакын ири эл аралык көргөзмөлөргө катышуу пландалууда.

Евробиримдиктин рыногуна кирүү боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?
Экспорттук рынокторду кеңейтүү максатында тармакты Европа өлкөлөрүнө чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мисал келтирсек, 2024-жылдын апрелинде Италиянын эң ири CIS di Nola соода-логистикалык борборунда Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү өттү.
Италиялык компанияларга Кыргызстандын 20 компаниясынын тигүү продукциясынын ассортименти тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстанда моделдөө, дизайн, кездеме тандоо, продукцияны контракттык өндүрүү боюнча кызматташуунун келечеги, ошондой эле даяр продукцияны андан ары экспорттоо үчүн логистика маселелери талкууланды.
2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын тигүү өндүрүүчүлөрү менен түз байланыштарды түзүү жана андан ары өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн кызыкдар италиялык компаниялардын тобу Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Ошондой эле өткөн жылдын сентябрь айында Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында италиялык делегациянын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда өлкөнүн жеңил өнөр жайынын потенциалы, шарттар, инвесторлор үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана артыкчылыктар тааныштырылды.
Экспортоочуларды REX системасында каттоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. REX системасы Европа Биримдигине (ЕБ), Норвегия, Швейцария жана Түркияга экспорттоодо товарларды сертификаттоону карайт.
Азыркы учурда REX системасында 91 атамекендик компания катталган. Алардын 14ү жеңил өнөр жай тармагына тиешелүү.

Электрондук соода рыногун өнүктүрүүдө кандай иштер жасалууда?
Учурда электрондук коммерция рыногу активдүү өнүгүп жатат. Өсүштүн негизги факторлорунун бири инфраструктураны өнүктүрүү жана маркетплейстердин келиши болду. Бүгүнкү күндө атактуу Wildberries маркетплейсинин Бишкекте жана Ошто сорттоочу борборлору ачылды, ошондой эле Чүй облусунда ири логистикалык хабынын курулушу башталды.
Платформада 17 миңден ашык кыргыз сатуучулары катталган, бул чакан жана орто бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Ишкерлерди электрондук коммерциянын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоо үчүн эң ири 10 маркетплейске катталуу боюнча үйрөтүүчү видеороликтер иштелип чыкты.
Видеороликтерде Wildberries, Amazon, ОZON , Taobao жана башка платформаларда товарларды каттоо жана жайгаштыруу эрежелери визуалдуу түрдө түшүндүрүлөт. Бул видеороликтер экспорттоочуларга каттоо процессин тез үйрөнүүгө жана популярдуу онлайн платформаларда сатууну баштоого жардам берип, рынокторго чыгуунун жаңы перспективаларын ачканга мүмкүнчүлүк берет.
Жеңил өнөр жай тармагынын бардык катышуучуларын: тигүү өндүрүшүн, кездеме жана фурнитура берүүчүлөрдү, дизайнердик студияларды, ошондой эле Кыргызстандын буюртма берүүчүлөрүн бириктирүү максатында тиркемени (онлайн-платформа) даярдоо жана киргизүү каралууда.
Бул онлайн-платформада төмөнкүлөр камтылат:
- тигүү ишканаларынын арасында сатуунун деңгээлин жогорулатуу;
- рыноктун катышуучуларынын ортосундагы байланышты жакшыртуу;
- эл аралык буюртмаларды тартуу;
- тигүү тармагындагы жумуштуулуктун деңгээлин жогорулатуу;
- башка платформалар менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгү;
- кызматкерлерди издөө боюнча жарнамаларды жайгаштыруу жана кызматкерлердин профилдерин көрүү мүмкүнчүлүгү.
Белгилей кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги жана Япониянын Эл аралык (JICA) кызматташтык агенттиги тарабынан 2007-жылдан бери "Бир айыл – бир продукт" долбоору ишке ашырылып жатат.
“Бир айыл – бир продукт” долбоорунун негизги максаты колдо болгон жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен товарларды өндүрүү, калкты ишкердикке тартуу жана калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналат.
2017-2024-жылдар аралыгында 750дөн ашык продукция иштелип чыкты, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары бар. Продукциялар ички рыноктон тышкары Япония, Кытай, Корея, Казакстан, Өзбекстанга сатылып жатат.
Акыркы 7 жылдын ичинде долбоордун аркасында жергиликтүү өндүрүүчүлөр 167 экспорттук контракт түзүп, анын суммасы 245 млн сом болду.
Бул долбоордун алкагында, 2023-жылы Ошто жаңы логистикалык кеңсе жана дүкөн ачылган. Өлкө боюнча соода түйүндөрүнүн саны 59га жетти. Бардык соода түйүндөрүндө салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары бар. Сатуу көлөмү 2023-жылы 59 млн 101 миң 300 сом (669,581 АКШ доллары) суммасына жылдык рекордго жетти, 2024-жылы сатуунун көлөмү 56 млн 463 миң сомду (649 миң АКШ доллары) түздү, анын ичинен экспорт 7 млн 138 миң сом болду.
Каржылык колдоо тууралуу айта турган болсок, өнүктүрүү фонддору жана банктар тарабынан жеңил өнөр жай субъекттери үчүн кредиттик продуктуларды даярдоо багытында иштер жүргүзүлүүдө. Экспорттоочуларга финансылык колдоо көрсөтүү максатында "Кыргыз Экспорт" борбору менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү. Каржылык колдоолор ишкерлерге өндүрүштөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2023-жылы жеңил өнөр жай тармагында (патенттик негизде иш жүргүзгөн жеке ишкерлерди эсепке албаганда) 36,2 миңден ашуун адам эмгектенген. Ошол эле учурда кездемелерди, фурнитураларды жана башка товарларды жеткирүүнү кошкондо, көз карандысыз баалоого ылайык, аталган тармакта 160 миңден ашуун адам иштей тургандыгы көрсөтүлгөн. Жумушчулардын көпчүлүгү кийим тигүү тармагында эмгектенишет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарын өндүрүү багытында жалпысынан 20 млрд 466 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Ал эми 2024-жылы жеңил жана текстиль өнөр жайынын товарларынын экспорту 520 млн 100 миң АКШ долларын түзүп, Кыргызстандын жалпы экспортунун 13,5% үлүшүн ээледи. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырганда 2,1 эсеге өстү, 2023-жылы сумма 247 млн доллар болгон.