Кыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

Коом 23 сентябрь 2026 10:20
800842623_1399022455077999_6624471057500311887_n.jpg
821523236_28920058040925543_12110817742518514_n.jpg
821671362_1674776470879449_1078448323020824335_n.jpg
Алдыга
Артка
800842623_1399022455077999_6624471057500311887_n.jpg
821523236_28920058040925543_12110817742518514_n.jpg
821671362_1674776470879449_1078448323020824335_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. 22-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында Кыргызстандын атынан башкы прокурор Малик Бектурганов БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, кол коюу БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагындагы 2026-жылдагы Келишимдик иш-чарада өттү.

"Конвенция БУУнун 2024-жылдын 24-декабрында кабыл алынган жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы биринчи универсалдуу эл аралык-укуктук документ болуп саналат. Ал киберкылмыштарды алдын алуу жана тергөө боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө, электрондук далилдерди алуу жана алмашуу механизмдерин өркүндөтүүгө жана компетенттүү органдардын ыкчам аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, конвенцияга кол коюу Кыргызстандын трансулуттук киберкылмыштарга каршы күрөшүү жана жазык иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан ары конвенцияны ратификациялоо жана анын жоболорун улуттук мыйзамдарга киргизүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболор жүргүзүлөт.