Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев парламенттин жыйынында аймактардагы айрым прокурорлор "прокурор" деген сөздү туура жаза албаган, анын ордуна "паракор" деп жазгандар бар экенин айтты.
Депутат алардын атын атай албай турганын белгиледи.
Башкы прокурор депутаттан ушундай кызматкерлердин фамилиясын берүүнү, алар менен жекече иш алып барарын айтты.
Эскерте кетсек, бүгүн парламентте башкы прокурордун 2024-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалыматы каралды.