Парламент Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук берди

Коом 9 сентябрь 2026 10:54
Парламент Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук берди
copyright icon Www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш Башкы прокурор кызмат ордуна Малик Бектургановдун талапкерлигин карады.

Жыйында талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Малик Бектургановдун талапкерлигин эл өкүлдөрү жактырып, башкы прокурор кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.

Белгилей кетсек, башкы прокурор кызмат ордуна Малик Бектургановду дайындоого макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кенештин токтом долбоорун Сот укук маселелери, укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети карап, талапкерлигин жактырган.