Кыргызстан БУУдагы тынчтык диалогунун демилгечиси болду — Кабар

Кыргызстан БУУдагы тынчтык диалогунун демилгечиси болду

Саясат 16 декабрь 2025 10:45
2.jpg
1.jpg
597347871_1277793221050852_5571833964663913835_n.jpg
597864298_1277793124384195_8558051678300521699_n.jpg
598554230_1277793141050860_2442618683971056670_n.jpg
598649912_1277793014384206_3248320414395289850_n.jpg
598887394_1277793227717518_5706993288129582415_n.jpg
599665365_1277793234384184_800493329198837533_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ТИМ

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын демилгеси менен Нью-Йорк шаарында БУУнун Тынчтыкты куруу комиссиясынын жыйыны өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жыйын Германиянын төрагалыгы астында өтүп, жыйында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара маселелерин эл аралык укуктун алкагында, тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы жетишкендиктери жогору бааланды.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев белгилегендей, Борбор Азия аймагы эң татаал жана тарыхый маселелерди дагы диалог, өз ара ишеним жана саясий эрк аркылуу ийгиликтүү чечиле аларын далилдеди.

Комиссиянын жыйынына БУУга мүчө 80ден ашуун мүчө мамлекеттин өкүлдөрү катышып, жетишилген макулдашууларды мамлекет башчыларынын саясий эркинин жана дипломатиялык жетилгендиктин үлгүсү катары белгилешти.

Сапардын алкагында Асеин Исаев ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Тынчтык үчүн лидерлик" темасындагы жыйынына катышып, Кыргызстан тынчтыкты, туруктуулукту жана диалогду илгерилетүүгө бекем берилгенин ырастады.