Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги саясий форумунун алкагында Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча II Улуттук ыктыярдуу баяндамасын ийгиликтүү сунуштады. Иш-чара Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) колдоосу менен өтүп жатат.
Баяндаманы экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды.
Министр Кыргызстан 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартибин улуттук өнүгүүнүн негизги багыты катары карай турганын белгиледи.
"Туруктуу өнүгүү максаттары Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынан тартып 2030-жылга чейин Өнүгүүнүн улуттук программасына чейин бир катар стратегиялык документтерге интеграцияланган. Бул жолку Улуттук ыктыярдуу баяндамадагы 17 максаттын ичинен 16сын камтып, инклюзивдүү, адилеттүү жана туруктуу коомду калыптандыруу багытындагы мамлекеттик аракеттерди чагылдырат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, баяндаманын өзөгүн жакырчылыкты кыскартуу, социалдык коргоо тутумун модернизациялоо, адамдык капиталды өнүктүрүү, санариптештирүү, калктын аялуу топторун колдоо жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселелери түзөт. Мамлекеттик кызматтарды санариптик трансформациялоо, кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле гендердик теңчилик принциптерин алдыга жылдырууда жетишкен ийгиликтер белгиленди.
Мындан тышкары, баяндамада айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана "жашыл экономиканы" илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар чагылдырылды. "Эч кимди артта калтырбоо" принциби мамлекеттик саясаттын бардык багыттарында негизги нук катары сакталары белгиленди.
Министр Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана 2030-жылга чейинки күн тартибин бардык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырууну улантууга даяр экенин тастыктады.