Кыргызстан Буркина-Фасо, Белиз жана Сомали өлкөлөрү менен дипмамиле түздү — Кабар

Кыргызстан Буркина-Фасо, Белиз жана Сомали өлкөлөрү менен дипмамиле түздү

Саясат 9 апрель 2025 11:54
18.jpg
12.jpg
11.jpg
16.jpg
17.jpg
Алдыга
Артка
18.jpg
12.jpg
11.jpg
16.jpg
17.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Буркина-Фасо, Белиз жана Сомали мамлекеттеринин ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү.

Дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен коммюникелерге өлкөлөрдүн БУУдагы туруктуу өкүлдөрү кол коюшту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу консультациялар жана жогорку деңгээлдеги сапарлар механизми аркылуу саясий диалогду жана көп кырдуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.