Кыргызстан шайлоо системасы менен Борбор Азияда бир кадам алдыда турат – эл аралык байкоочу

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 19:55
WhatsApp Image 2025-11-30 at 19.41.56.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Кыргызстан бул шайлоо системасы менен учурда Борбор Азияда бир кадам алдыда турат. Бул тууралуу Беларустун Улуттук жыйынынын Эл аралык иштер жана улуттук коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, эл аралык байкоочу Александр Лукьянов билдирди.

Ал өлкөдөгү шайлоо процесси жаңыча шарттарда өтүп жатканын, биометрия жана мамлекеттик каттоо системаларынын киргизилишин, жарандардын шайлоо кампаниясына болгон ишенимин арттырганын белгиледи.

“Бүгүнкү маанилүү күнү менен боордош кыргыз элин куттуктайм. Кыргызстанда шайлоо жаңыча шарттарда өткөрүлүүдө. Биометрия жана мамлекеттик каттоо системасынын активдүү киргизилиши шайлоо системасына ишенимди жогорулатууга чоң салым кошот.

Учурда ага 45тен ашык өлкөнүн эл аралык байкоочуларынын катышуусу шайлоо системасынын ачык-айкындуулугун айгинелеп турат. Шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринен жана шайлоочулардан да жагымдуу маанайды байкадык. Шайлоо участкаларында достук жана жылуу атмосфера бар. Бул жарандардын өз өлкөсүнүн келечегин аныктоодо бир экендигинен кабар берет”,-деди ал.

Александр Лукьянов ошондой эле шайлоо комиссиясына эл аралык байкоочулар үчүн түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, 20дан ашуун шайлоо участогун көрүп чыккандарын билдирди. Ал белгилегендей, аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү жана майыптыгы бар жарандар үчүн түзүлгөн шарттар шайлоонун жогорку деңгээлде өтүүсүн камсыз кылды.

"Кыргызстан учурда Борбор Азияда бир кадам алдыда турат. Жаңыча технологиялар аркылуу жарандар кайда болбосун, аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Биз шайлоо участкаларында жарандардын өз добуштарына болгон ишенимин байкадык. Бул жаңы система, албетте, башка өлкөлөргө да үлгү болот”,-деп кошумчалады Лукьянов.