Кыргызстан Борбор Азиянын кепилдик фондун түзүүнү сунуштады

Экономика Загрузка... 19 Ноябрь 2025 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда жетектеген делегация менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстан үчүн Азия өнүктүрүү банкынын жаңы финансылык шарттарын талкуулап, келечектеги кызматташтыктын стратегиялык багыттарын белгилешти.

Министр Бакетаевдин демилгеси боюнча Кыргызстанда жайгашкан Борбор Азиянын кепилдик фондун түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду, бул демилге аймактык финансылык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары туруктуу жана өз ара пайдалуу түрдө өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

Белгилей кетсек, бүгүн Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда иш сапары менен Бишкекке келген.